АКШ визасын алууда сак болууну ТИМ эскертет

0
8132

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШга туристтик жана ишкердик виза (B-1/B-2) алууда каржылык күрөө талабы тууралуу расмий маалымат таратты. Министрлик акыркы убакта үчүнчү жактар виза алуу кепилдигин сунуштап, жарандарыбызды алдоо фактылары көбөйгөнүн эскертти.

Маалыматка ылайык, каржылык кепилдик АКШнын Бишкектеги элчилиги жөнөткөн расмий төлөм шилтемеси аркылуу гана жүргүзүлөт. Виза алуу үчүн арыз ээси биринчи кезекте консулдук маектешүүдөн өтүшү зарыл, андан кийин I-352 формасын толтуруп, Pay.gov платформасы аркылуу кепилдик төлөмдү ырастайт. Суммасы консулдук кызматкердин чечимине жараша 5 000ден 15 000 АКШ долларына чейин болушу мүмкүн.

ТИМ жарандарды ортомчулардын “кепилденген виза” сунуштарына ишенбөөгө, расмий маалыматка гана таянууга чакырды. Күрөө каражаты виза мөөнөтү бүткөнгө чейин сапар ишке ашпай калса же мөөнөтөн ашыкча калса гана кайтарылат. Күрөө менен виза алган жарандар АКШга белгиленген аэропорттордон гана кирип-чыга алышат: Бостон (BOS), Нью-Йорк (JFK), Вашингтон (IAD), Ньюарк (EWR), Атланта (ATL), Чикаго (ORD), Лос-Анжелес (LAX), ошондой эле Торонто (YYZ) жана Монреаль (YUL).

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы күрөө төлөө тизмесине Кыргызстанды кошкон, бул чара мыйзамдуу жана мыйзамсыз миграцияны азайтууга багытталган. Борбор Азиядан тизмеде Кыргызстан менен катар Тажикстан жана Түркмөнстан бар.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз