2025-жылы Кыргызстанда беш жаңы көмүр кени ачылганы белгиленди. Алар: Сүлүктү 11, Кожо-Келең, Бешбуркан, Маркай жана Торугарт. Бул кендердин баары «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын башкаруусунда.
Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин маалыматына караганда, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча «Кыргызкөмүр» 9 лицензиянын негизинде иш алып барып, жалпы 1 млн 373 миң 900 тонна көмүр казып чыккан. Жер кыртышын ачуу пландын 120,6% аткарылса, көмүр казуу пландын 116%ын түздү.
Министр белгилегендей, компания 2025-жылы Бишкек ЖЭБине 617 миң тонна көмүр жеткирген. Ошондой эле отун базаларында 327,4 миң тонна көмүр, социалдык жана бюджеттик мекемелерге 429,4 миң тонна берилген. Жалпысынан 1 млн 373 миң тонна көмүр камсыздалган.


