Бүгүн, 22-апрелде Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Албаниянын Кыргызстандагы элчиси Блерта Кадзадеж менен жолугушту. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тараптар эки өлкөнүн экономикасынын өнүгүү тенденциялары жана артыкчылыктары, жүргүзүлүп жаткан реформалар, инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу жана ишкердикти колдоо боюнча көрүлүп жаткан чараларды талкуулашты.
Ошондой эле министр Бакыт Сыдыков экономикалык кызматташтык жөнүндө келишимдерди түзүү, кош салык салуудан качуу, туризм тармагында кызматташуу маселелерин иштеп чыгууну сунуштады. Өз кезегинде элчи Блерта Кадзадеж экономикалык байланыштарды активдештирүү жана келишимдик базаны өнүктүрүү боюнча чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, эки өлкө ортосундагы кызматташуунун келечектүү тармактарын белгиледи.