Евробиримдик Орусияга каршы жаңы санкциялар пакетин кабыл алды. Анын алкагында Кыргызстанга карата да айрым чектөөлөр киргизилди.
Жаңы чечимге ылайык, Европадан Кыргызстанга жогорку тактыктагы станоктор, модем, роутер жана башка байланыш жабдууларын жеткирүүгө тыюу салынды. Ошондой эле айрым кыргызстандык логистикалык компаниялардын Евробиримдиктин транспорттук инфраструктурасын колдонуу мүмкүнчүлүгү чектелди.
Евробиримдик Кыргызстанды санкцияларды айланып өтүүчү транзиттик багыт катары баалап жатканын билдирген. Ал эми Кыргызстан буга чейин мындай дооматтарды четке кагып келген.