Астанада Даниянын Королдук театры алгачкы жолу өнөрүн тартуулады

Казакстандын борбору Астана шаарында дүйнөдөгү эң байыркы жана абройлуу маданий мекемелердин бири — Королдук дат театры алгачкы жолу сахнага чыгып, көрүүчүлөргө өз өнөрүн тартуулады. 1748-жылы негизделген бул театр Европанын классикалык балет мектебинин негизги өкүлдөрүнүн бири болуп саналат. Анын өзгөчө стили XIX кылымдагы атактуу хореограф Август Бурнонвильдин чыгармачылыгы менен байланыштуу.

Концерттик программа Astana Ballet театрынын сахнасында өтүп, он номерден турган гала-концерт тартууланды. Анда классикалык балет менен заманбап европалык хореография айкалышып, ар кандай доорлордун жана стилдердин синтези көрсөтүлдү.

Көрүүчүлөргө Бурнонвиль салтынын негизиндеги «Танец жокеев», «Кермес в Брюгге» жана «Premier danseur» сыяктуу чыгармалардан үзүндүлөр сунушталды. Мындан тышкары, испаниялык бийчи Селена Муньос фламенко менен заманбап бийди айкалыштырган өзгөчө номерин аткарды.

Иш-чарага Дания театрындагы казакстандык алгачкы артист Мейрамбек Назаргожаев да катышып, Лунная соната чыгармасына коштолгон «Жалгыздык» аттуу соло номерин тартуулады.

Бул маданий иш-чара Астананын Европа менен Азиянын маданияттарын бириктирген маанилүү борбор катары калыптанып жатканын дагы бир жолу тастыктады.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз