Европа Биримдиги Россияга каршы санкциялардын 20-пакетинин алкагында Өзбекстандагы эки ишканага чектөө киргизди. Жаңыланган тизмеге Farg‘ona Kimyo Zavodi жана Raw Materials Cellulose компаниялары кирди.
Европалык тараптын маалыматына ылайык, Ферганада жайгашкан Farg‘ona Kimyo Zavodi пахта целлюлозасын өндүрүп, аны Россиядагы айрым ишканаларга жеткирген. Бул продукция аскердик багытта колдонулушу мүмкүн деген жүйө келтирилген.
Ушундай эле дооматтар Raw Materials Cellulose компаниясына да коюлуп, ал да Россиянын аскердик-өнөр жай комплекси менен байланышкан ишканаларга продукция жөнөткөнү айтылууда. Санкциялар активдерди тоңдурууну жана Европа Биримдигинин аймагында каржылык ресурстарды пайдаланууга тыюу салууну камтыйт.
Жалпысынан 20-пакет санкциялар Россияга карата басымды күчөтүүгө жана чектөөлөрдү айланып өтүүнү алдын алууга багытталган. Бул чаралар энергетика, финансы жана соода тармактарын камтып, үчүнчү өлкөлөрдөгү айрым компанияларга да таасир этүүдө.
