Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн Регионалдык экологиялык саммиттин алкагында “Тоолор жана климаттын өзгөрүшү: алсыздыктан туруктуу өнүгүүгө” аттуу жогорку деңгээлдеги сессия уюштурулду.
Иш-чара Борбордук Азиядагы тоолуу аймактарда климаттык өзгөрүүлөргө каршы биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу үчүн маанилүү аянтча болду. Сессия Динара Кемелованын эгидасы астында, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана Климаттык каржылоо борбору тарабынан уюштурулду.
Жыйынга Борбордук Азиянын бардык беш өлкөсүнүн тиешелүү министрлери, эл аралык уюмдар жана финансылык институттардын өкүлдөрү катышты. Сессияда мөңгүлөрдүн эриши, суу ресурстарынын азайышы, экосистемалардын бузулушу жана табигый кырсыктардын көбөйүшү сыяктуу негизги коркунучтар талкууланды. Ошондой эле алдыда өтө турган “Бишкек+25” глобалдык тоо саммитине байланыштуу маалымат берилди.
Иш-чаранын алкагында Климаттык каржылоо борборунун директору Айбек Асанов тоолуу аймактар үчүн эл аралык деңгээлдеги жаңы демилге — Туруктуулуктун глобалдык борборун түзүү концепциясын сунуштады.
Бул сессия тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү маселеси боюнча аймактык кызматташтыктын мааниси өсүп жатканын көрсөтүп, Кыргызстандын бул багыттагы активдүү ролун дагы бир жолу белгиледи.
