“Бала ырысы” жөлөкпулу 25 миңден ашык балага берилүүдө

Кыргызстанда балдарды жана үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган жаңы чаралар ишке ашырылууда. Бул тууралуу Мирлан Байгончоков 24-апрелде “Ишеним” депутаттык тобунун жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылдын июль айынан бери “Балага келечек” программасы иштеп, ар бир бала 18 жашка чыкканда 500 миң сом топтоону көздөйт. 2025-жылы бул мүмкүнчүлүктү 100 бала пайдаланган.

2026-жылдан тарта тоолуу жана алыскы аймактардагы көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн кошумча төлөмдөр киргизилди:

  • төртүнчү балага — 100 миң сом,
  • жетинчи балага — 1 млн сом,
  • онунчу жана андан кийинки балдарга — 2 млн сом.

Мындан тышкары, үчүнчү жана андан кийинки үч жашка чейинки балдар үчүн ай сайын 3 миң сом өлчөмүндө “Бала ырысы” жөлөкпулу берилүүдө. 2026-жылдын 1-апрелине карата бул төлөмдү 25 миңден ашуун адам алып жатат.

Бул чаралар үй-бүлөлөрдү колдоону күчөтүүгө жана балдардын социалдык камсыздоосун жакшыртууга багытталган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз