«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун берүү тартиби жеңилдеди

Кыргызстанда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү «үй-бүлөгө көмөк» ай сайынгы жөлөк пулунун шарттары кайра каралды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 10-апрелинде Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтому кабыл алынып, жөлөк пулду алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана анын даректүүлүгүн жакшыртуу максатында бир катар өзгөртүүлөр киргизилди.

Жаңы эрежелерге ылайык:

  • жеңил унаанын пайдалануу мөөнөтү 20 жылдан 15 жылга чейин кыскартылды;
  • менчигинде бир турак жайы бар аз камсыз үй-бүлөлөр жөлөк пул ала алышат;
  • эки же андан көп турак жайы барлар жөлөк пулдан четтетилет;
  • кепилденген эң төмөнкү киреше 1000 сомдон 1500 сомго чейин жогорулатылды.

Белгиленгендей, бул өзгөртүүлөр 2026-жылдын 1-сентябрынан тарта күчүнө кирет.

Ошондой эле жаран райондук коэффициент каралган аймакта жашаса, жөлөк пул тиешелүү коэффициентти кошуу менен төлөнөт.

Бул чаралар социалдык жардамдын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жана муктаж үй-бүлөлөрдү так аныктоого багытталган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз