Башкы беткеМаанилүүЗергерлерге 6% менен насыя берүүнүн жаңы тартиби бекитилди

Зергерлерге 6% менен насыя берүүнүн жаңы тартиби бекитилди

Зергерчилик тармагындагы ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүүнүн жаңы тартиби бекитилди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдады.

Аталган кызматтын маалыматына ылайык, жаңы тартип зергерчилик менен алектенген субъекттерди колдоого багытталган. Каржылоо алардын жабдууларын жаңылоого, өндүрүш көлөмүн кеңейтүүгө жана ата мекендик зер буюмдардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт.

Насыя Айыл Банк жана Элдик Банк аркылуу жылдык үстөгү 6% менен 90 млн сомго чейин 60 айга берилет. Жеңилдетилген мөөнөтү — 180 күн.

Ошондой эле аталган банктарга зергерлерге насыя берүүдө комиссиялык жана кошумча төлөмдөрдү албоо сунушталган. Бул ишкерлер үчүн каржылоону жеткиликтүү жана пайдалуураак кылууга багытталган. Долбоорду 2028-жылга чейин ишке ашыруу каралууда.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар