whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.02.2026
19.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүЭски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр акысыз алмаштырылууда

Эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр акысыз алмаштырылууда

Кыргызстанда эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү жаңысына акысыз алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу тиешелүү мамлекеттик органдар билдирди.

Маалыматка ылайык, айдоочуларга күбөлүктөрүн алмаштыруу үчүн 1 айлык мөөнөт берилген. Эгерде айрым жарандар белгиленген убакытта жетишпей калса, кошумча убакыт берүү каралат. Элге жеңилдик болсун деген максатта мурда талап кылынган 083 медициналык справка эми талап кылынбайт.

Эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруунун негизги себептеринин бири — жасалма документтердин көбөйүшү. Айрым маалыматтарга караганда, чет өлкөлөрдө, анын ичинде Москва шаарында да жасалма күбөлүктөр даярдалып сатылып жатканы аныкталган. Мындан тышкары, көпчүлүк эски күбөлүктөрдүн сүрөттөрү жана жазуулары өчүп, колдонууга жараксыз абалга келген.

Ошондой эле эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү көптөгөн чет мамлекеттер тааныбайт. Ал эми жаңы үлгүдөгү күбөлүктөр бир нече өлкөдө жарактуу болуп, чет жакта унаа башкарууга мүмкүнчүлүк берет. Жаңы күбөлүктөр толугу менен санариптештирилип, “Түндүк” системасына киргизилет. Бул жасалма документтердин алдын алууга шарт түзөт.

Белгиленген мөөнөттө толук алмаштыруу иштери аяктагандан кийин, эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр жараксыз деп табылат.

Белгилей кетсек, айдоочулук күбөлүгү “Түндүк” системасында көрүнбөгөн жарандар тиешелүү филиалдарга жеке өзү кайрылуусу керек. Ал эми маалыматтары система аркылуу көрүнгөн жарандар филиалга барбастан, онлайн форматта алмаштырууга мүмкүнчүлүк алышат.

Гезит

Окурман журтту кайра жаратуу

Жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” гезити китеп окуу маданиятын калыптандыруунун актуалдуу маселелерин талкулоо максатында “Окурман журтту кайра жаратуу” аттуу тегерек үстөл өткөрүп, ага Кыргыз Республикасынын...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар