Башкы беткеРубрикаларАймактарӨзгөндө мөмө-жемиш сактоочу ири кампа курулат

Өзгөндө мөмө-жемиш сактоочу ири кампа курулат

Өзгөн районунун Большевик айылында 600 тонналык мөмө-жемиш сактоочу ири соода-логистикалык борбор курулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Бүгүн, 28-майда айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев борбордун курулушуна капсула салды.

Министрлик “Большевик багбандар биримдиги” тарабынан салынып жаткан соода-логистикалык борбору жергиликтүү багбандардын түшүмүн сактап, экспортко чыгарууга чоң мүмкүнчүлүк түзөрүн билдирди.

«Кампа 600 тонна мөмө-жемишти сактоого жөндөмдүү. Долбоордун наркы 35 млн сомду түзөт. Каражат Дүйнөлүк банктан «Арис» долбоору аркылуу 2% менен 35 млн сом насыя 7 жылдык мөөнөткө алынган»,- деп айтылат маалыматта.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар