Башкы беткеМинистрлер кабинетиШКУга даярдык: Аэропортко карай жаңы жол салынабы?

ШКУга даярдык: Аэропортко карай жаңы жол салынабы?

Бишкек алдыда Шанхай кызматташтык уюмунун(ШКУ) кезектеги жыйынын жаңы инфраструктура менен тосот. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Мир” телеканалына берген маегинде билдирди.

Төраганын айтымында, Кыргызстан алдыда ШКУ саммити, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу масштабдуу иш-чараларды өткөрөт. Буга карата аэропорттон келүүчү атайын жол, конгресс-холл жана 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган стадион курулушу жүрүүдө.

“Азыркы учурда аэропорттон конокторду тосуп алганда жол кыймылын токтотууга туура келүүдө. Алдыда тоскоолдуксуз жетүү үчүн атайын жол курулууда.

Ал эми “Бишкек арена” стадиону Борбор Азиядагы эң чоң стадион болот. Ошол жерде ШКУнун жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы өтөт”,-деди өкмөт башчысы.

Ошондой эле Адылбек Касымалиев белгилегендей, жаңы өкмөт үйү, Башкы прокуратура жана Салык кызматына имараттар салынып, административдик мекемелер шаардын сырткы тарабында болот.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар