whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.07.2025
22.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыКосмостук лидерликке жаңы аракеттер

Космостук лидерликке жаңы аракеттер

Космостук мейкиндикте атаандаштык кайрадан күчөп жатат. «Роскосмос» жетекчиси Дмитрий Баканов Россияда жаңы улуттук долбоор — «Россиянын космостук ишмердүүлүгүн өнүктүрүү» программасы кабыл алынганын билдирди. Бул тууралуу ТАСС жазды.

Маалыматка караганда, долбоордун бюджети 4,5 трлн рублди түзөт. Негизги максат — 2030-жылга чейин жыл сайынгы космостук учууларды төрт эсе көбөйтүү, башкача айтканда 66 пускка жеткирүү. Бул көрсөткүч Кытайдын 2023-жылдагы деңгээлине (68 пуск) дээрлик жакын. Ал эми 2036-жылга чейин бул сан 113кө жетиши керек.

Салыштыруу үчүн: 2023-жылы Россия болгону 17 жолу учуруу жасап, бул 1960-жылдардан берки эң төмөнкү көрсөткүч болуп калды. Ошол эле маалда, АКШ өткөн жылы 154 пуск жасап, бул жаатта алдыда келүүдө. Жаңы Зеландия да активдүүлүгүн көрсөтүп, 13 пуск менен жакындап калды.

Эске салсак, 1990-жылдардын аягында Россия дүйнөдөгү космостук лидер болчу. Азыр болсо ал позицияны АКШ менен Кытайга өткөрүп берди. Жаңы стратегиялык программа менен Москва бул тармакта кайрадан атаандаштыкка кайтып келүүнү көздөп жатат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар