Башкы беткеРубрикаларДен соолукДарыгерлер кытайда билим алышууда

Дарыгерлер кытайда билим алышууда

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын дарыгерлери ангионевролог Гайипов Нургазы жана нейрохирург Мойдунов Таалай Кытай Эл Республикасынын Синь-Цзянь Медициналык Университетинин II ооруканасында билим алып, тажрыйба артыруу үчүн 3 айлык окуудан өтүшүүдө.
Бул окуулар алдыңкы медициналык технологияларды өздөштүрүүгө, заманбап дарылоо ыкмаларын үйрөнүүгө жана бейтаптарга көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жогорулатууга багытталган.
Кытайда билим алып жаткан адистер мээ жана жүлүн ооруларын аныктоо, дарылоо, татаал нейрохирургиялык операцияларды жүргүзүү, инсульт жана башка неврологиялык ооруларды реабилитациялоо боюнча жаңы усулдарды үйрөнүп, Ош облусунун эле эмес, бүтүндөй өлкөнүн түштүк аймагында саламаттык сактоо тармагына чоң салым кошушат деген ишеничтебиз.
Бул демилге Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы медицина жаатындагы тыгыз кызматташтыктын жана достук мамиленин натыйжасы болуп саналат.
Дарыгерлердин бардык чыгымдары Кытай Эл Республикасынын Синь-Цзянь Мамлекеттик университетинин II ооруканасы тарабынан каржыланууда.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар