2025-жылы Баткен облусунда агрардык багыттагы беш жаңы ишкана — кайра иштетүүчү цехтер жана муздаткыч комплекстер — ишке берилди. Долбоорлор айыл чарба продукциясын терең кайра иштетүүгө жана аймакта жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Кадамжай районунун Ак-Турпак айылында күрүчтү кайра иштетүүчү цех ачылды. Ишкана «Ак-Турпак Групп» ЖЧКсы тарабынан Дүйнөлүк банктын каржылоосу жана АРИСтин колдоосу менен «Аймактык экономикалык өнүгүү-2» долбоорунун алкагында ишке ашырылган. Жабдууларды сатып алууга 18,1 млн сом жумшалып, комбайн, эки трактор, эки жүк ташуучу унаа, эки таңгактоочу аппарат жана күрүч тазалоочу жабдуулар алынган. Цехте беш жумуш орду түзүлдү.
Баткен районунун Самаркандек айылында өрүк жана башка мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү ишкана пайдаланууга берилди. Долбоорго жеке инвестор 160 миң АКШ долларын жумшап, 10 жумуш орду түзүлгөн.
Аймакта түшүмдү сактоо кубаттуулугу да кеңейүүдө. Кадамжай районунун Жаңы-Коргон айылында 350 тонна сыйымдуулуктагы логистикалык борбор ишке кирди. Долбоордун жалпы наркы 22 млн сомду түзүп, Баткен облусун өнүктүрүүгө бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен каржыланды.
Төрт-Гүл айыл аймагындагы Жаңы-Жер айылында мөмө-жемиштерди терең тоңдуруучу цех курулду. Долбоорго республикалык бюджеттен 5,86 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 2,16 млн сом жана KOICA уюмунан 14 млн сом багытталган. Кампа 500 тонна продукция сактоого ылайыкташкан жана 10 жумуш орду түзүлгөн. Учурда кампада 500 тонна өрүк, 130 тонна кургатылган өрүк жана 10 тонна алма сакталууда.
Ошондой эле Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел айылында 170 тонна сыйымдуулуктагы дагы бир мөмө сактоочу жай курулуп бүттү. Долбоорго жеке ишкер 7 млн сом инвестиция салган. Сезон маалында бул жерде 20га чейин адам эмгектенет.
Жаңы ишканалар аймактын экспорттук потенциалын жогорулатып, айыл чарба продукциясын сактоо жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.

