Биримдик жана сергек жашоо үчүн…борбордо ишкерлер чуркашты

2026-жылдын 26-апрелинде Бишкек шаарындагы Адинай сейил багында Business Run 2026 корпоративдик спорттук жарышы өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев катышты.

Шаар башчысы өз сөзүндө мындай иш-чаралар шаардык чөйрөнү өнүктүрүүгө жана бизнес менен коомчулуктун ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө чоң салым кошорун белгиледи. Анын айтымында, корпоративдик спортко болгон кызыгуу жылдан жылга өсүп, катышуучулардын саны да көбөйүүдө.

Жарышка ар кандай тармактагы компаниялардын жана уюмдардын командалары катышып, спорт аркылуу командалык духту бекемдөө жана сергек жашоо образын жайылтуу максаты көздөлдү.

Жыйынтыгында мыкты жыйынтык көрсөткөн командалар жана катышуучулар сыйланды.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти менен Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулду.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз