Баткен облусунун Баткен районундагы Суу-Башы айыл аймагында “Жергиликтүү өз алдынча башкарууга 35 жыл – жамааттардын демилгеси өнүгүүнүн келечеги” аталышындагы республикалык семинар-кеңешме өттү.
Иш-чарага Арслан Койчиев, Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов, ошондой эле Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү жана өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген айыл өкмөт башчылары катышты.
Семинарда Суу-Башы айыл өкмөтүнүн ийгиликтүү иш тажрыйбасы тааныштырылып, аны республика боюнча жайылтуу маселеси каралды. Белгиленгендей, аталган айыл өкмөт өткөн жылы көрсөткүчтөр боюнча республикада биринчи орунду ээлеген. Катышуучулар жаңы курулган Жаңы-Достук конушу, социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор, таза суу системалары жана жергиликтүү өнүгүү демилгелери менен таанышышты.
Иш-чаранын алкагында “Акыл Майдан” интеллектуалдык долбоору өткөрүлүп, мыкты командалар катышты. Ошондой эле кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аш жана маданий баалуулуктар көрсөтүлгөн көргөзмө уюштурулду. Семинардын жыйынтыгында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, кадрларды даярдоо жана аймактар аралык тажрыйба алмашууну күчөтүү маселелери талкууланды.
