Бүгүн, 23-апрелде Бишкек шаарында «Кыргызстан – аймактык ХАБ: континенттерди бириктирүүчү» аталышындагы эл аралык транспорттук форум башталды. Иш-чарага Шанхай кызматташтык уюму жана Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү, эл аралык уюмдар жана эксперттер катышууда.
Форумдун алкагында транспорттук-логистикалык коридорлорду өнүктүрүү, тармакты санариптештирүү, жол жүрүү убактысын кыскартуу, чыгымдарды оптималдаштыруу жана чек арадан өтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү маселелери талкууланууда.
Кыргыз тарап эл аралык жүк ташууларда уруксат кагаздарын санариптештирүү максатында «e-permit» системасын киргизүүнү сунуштап, тиешелүү меморандумга кол коюу демилгесин көтөрдү. Ошондой эле ШКУ алкагында транспорт тармагындагы кызматташтык боюнча атайын жумушчу топ түзүү сунушталды.
Жыйында аймактык логистикалык байланыштарды чыңдоо, Каспий деңизи аркылуу жүк ташууларды кеңейтүү, темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү жана электрондук системаларды киргизүү маселелери да каралууда.
Иш-чара транспорттук кызматташууну кеңейтүүгө жана аймактагы байланыштарды бекемдөөгө багытталган.
