Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев статистика органдарынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш-чарага катышты.
Жыйында сөз сүйлөгөн Адылбек Касымалиев кыргыз статистикасынын 100 жылдык мааракеси менен Президенттин жана Министрлер Кабинетинин атынан куттуктады.
Ошондой эле Адылбек Касымалиев учурда 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы ишке ашырылып жатканын, анда мониторинг системасынын негизги куралы болгон статистиканын алдында жаңы милдеттер турганын белгиледи.
“Мониторинг системасынын негизги куралы болгон статистиканын алдында жаңы милдеттер турат. Тармакта санариптештирүү процессин улантуу, кошумча маалымат булактарын кеңири колдонуу, чоң маалыматтар жана жасалма интеллект технологияларын киргизүү зарыл. Чындыгында 100 жылдык тарыхтын ичинде ата мекендик статистика калыптануунун баштапкы этаптарынан тартып, бүгүнкү күндө технологиялык жактан өнүккөн, эл аралык статистикалык коомчулукка интеграцияланган деңгээлге чейинки татыктуу жолду басып өттү. Кыргыз статистикасы ар бир аймакта, ар бир айылда чыныгы абалды көрсөтүп, мамлекеттин бардык өнүгүү багыттарын рационалдуу жана эффективдүү башкарууга мүмкүнчүлүктөрдү берүүдө. Ошол үчүн статистика – бул маалыматтан билгичтикке, билгичтиктен – чечимге, чечимден натыйжага чейинки жолдогу күчтүү система. Министрлер Кабинети Кыргыз улуттук статистикасынын ар бир цифрасына таянат”, – деди Адылбек Касымалиев.
Маселен, статистикалык маалыматтар боюнча өлкөнүн ички дүң продукциясы 2025-жылы 2 трлн сомго жакындап аяктады, өсүү темпи орточо 11,1%ды түздү. Ал эми 2026-жылдын январь-март айынын жыйынтыгы боюнча ИДПдагы өсүү 10,1%ды түзгөн.
Андан соң, мамлекеттик статистиканы өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн, ошондой эле Улуттук статистика комитетинин 100 жылдыгына байланыштуу тармактын кызматкерлерине Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталары, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан алкыштар берилди.
Салтанаттуу мааракеге өлкөнүн мамлекеттик органдарынын, Жогорку Кеңештин, Бириккен Улуттар Уюмунун, Бүткүл дүйнөлүк банктын, Евразия экономикалык комиссиясынын, КМШ өлкөлөрүнүн жана башка эл аралык уюмдардын жана өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты.