Башкы беткеМаанилүүПрезидент Садыр Жапаров Пакистанга мамлекеттик сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров Пакистанга мамлекеттик сапар менен барат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Шахбаз Шарифтин чакыруусу боюнча 3-4-декабрда Пакистанга мамлекеттик сапар менен барат.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

“Сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров Пакистандын Премьер-министри Шахбаз Шариф, Президент Асиф Али Зардари, Улуттук ассамблеянын (Парламенттин төмөнкү палатасы) Спикери Сардар Аяз Садик жана Сенаттын (Парламенттин жогорку палатасы) Төрагасы Юсуф Реза Гелани менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык негизги тармактардагы эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле Кыргыз-Пакистан мамилелерин андан ары өнүктүрүү келечегин талкуулашат.

Сапардын алкагында Кыргыз-Пакистан бизнес-форуму да өтөт”, — деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.

 

 

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар