Башкы беткеМаанилүүБрюссель соту “Бакай Банкка” каршы айыптоолорду негизсиз деп тапты

Брюссель соту “Бакай Банкка” каршы айыптоолорду негизсиз деп тапты

Брюсселдин соту кыргызстандык Бакай Банк тууралуу айтылган айыптоолорду негизсиз деп тапты. Бул чечим Open Dialogue Foundation (ODF) уюмуна каршы козголгон сот ишинин жыйынтыгында кабыл алынды.

2023-жылы аталган уюм өз сайтында жарыялаган материалдарында “Бакай Банкты” Россияга каршы киргизилген санкцияларды айланып өтүүгө катышы бар деп айыптап, ага карата санкция киргизүүнү сунуштаган. Бул маалыматтарды жалган деп эсептеген банк сотко кайрылган.

Брюсселдин француз тилдүү ишкердик соту ODF тарабынан жетиштүү жана конкреттүү далилдер келтирилбегенин белгилеп, айыптоолор олуттуу жана багытталган мүнөздө болгон деген тыянакка келди. Соттун чечими менен уюм талаштуу макалаларды өчүрүүгө, чечимдин толук текстин өзүнүн сайтынын башкы бетине жайгаштырууга жана сот чыгымдарын төлөөгө милдеттендирилди.

Ошол эле учурда башка кыргыз банктарына карата санкциялар күчүндө калууда. Тактап айтканда, Керемет Банк АКШ жана Улуу Британия тарабынан санкцияланган, ал эми Капитал Банк Улуу Британиянын санкциялык тизмесине киргизилген. Бирок бул санкциялар азырынча айыптоо жана шек мүнөзүндө гана болуп, конкреттүү далилдер коомчулукка жарыялана элек.

Садыр Жапаров бул айыптоолорду бир нече жолу четке кагып, алар айрым өкмөттүк эмес уюмдар жана кызыкдар тараптар тарабынан таратылган такталбаган маалыматтарга негизделиши мүмкүн экенин белгилеген. Ошондой эле ал Кыргызстан банктарга карата бардык шектенүүлөрдү толук жана калыс текшерүү үчүн эл аралык көз карандысыз аудит өткөрүүгө даяр экенин билдирген.

“Бакай Банк” боюнча соттун чечими Кыргызстандын эл аралык укук нормаларын сактаганын жана ата мекендик бизнес чет өлкөлүк соттордо да өз укуктарын коргой аларын көрсөтөт. Кыргызстан өзүнүн финансылык сектору ачык жана мыйзамдуу иш алып барарын тастыктоого ар дайым даяр экенин билдирип келет.

Гезит

Салык системасындагы реформалар

          Мамлекеттик салык кызматы бүгүнкү күндө терең институционалдык трансформация баскычынан өтүүдө. Мамлекет акырындап басымга негизделген эски моделден чыгуу менен, экономиканы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар