Башкы беткеСаясат жана коомКоом«Өкмөттүн тездеткичтери»: Адылбек Касымалиев жаңы тапшырмаларды берди

«Өкмөттүн тездеткичтери»: Адылбек Касымалиев жаңы тапшырмаларды берди

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2-июндагы аппараттык жыйында «Өкмөттүн тездеткичтери» программасынын алкагында 100 күндүк реформаларды ишке ашыруу боюнча кезектеги иш-чаралар менен тааныштырды.

Ал сапаттуу жана жеткиликтүү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү мамлекеттик аппараттын натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчү экенин баса белгиледи.

«Президент жетектеген команда өлкөнүн өнүгүүсүн камсыз кылуу, мамлекеттик аппараттын жогорку темптерин жана ритмин сактоо менен күнү-түнү иштеп жатат. Биздин негизги максат — калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу, татаал жана жасалма жол менен түзүлгөн процедураларды жөнөкөйлөштүрүү, өлкөнү алдыга жылдыруу жана конкреттүү иш-аракеттер менен жарандардын ишенимин бекемдөө», — деп белгиледи өкмөт башчы.

Адылбек Касымалиев артыкчылыктуу багыттардын бири жарандардан келген документтердин көчүрмөлөрүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүү талабын жөнөкөйлөтүү болгонун баса белгиледи.

Өкмөт башчынын айтымында, мындай практика олуттуу ыңгайсыздыктарды жаратып келген: кошумча каржылык чыгымдар, кезек күтүүлөр, жол жүрүү зарылчылыгы. Бир документти күбөлөндүрүүнүн баасы 200-800 сомго чейин жетип, үй-бүлөлүк бюджетке оор жүк болуп, социалдык теңсиздикти күчөтөт.

Ал бул көйгөйдүн сакталып калышынын себептери катары түшүнүксүз жана эскирген ченемдик укуктук актыларды, документтерди текшерүүгө формалдуу мамилени, ошондой эле учурдагы техникалык мүмкүнчүлүктөргө, анын ичинде маалымат базаларына жана QR коддоруна карабастан санариптик чечимдердин жетишсиз колдонулушун атады.

Чечим катары бардык мамлекеттик органдардын ички ченемдик укуктук актыларын 100 күндүн ичинде карап чыгуу, ашыкча талаптарды жоюу, ченемдик-укуктук базаны заманбап стандарттарды эске алуу менен жаңылоо жана документтердин аныктыгын тастыктоочу санариптик механизмдерди, анын ичинде QR коддорун жана маалыматтык системаларды колдонуу менен киргизүү сунушталды.

Ошондой эле жер участокторун трансформациялоонун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду, ал бүгүнкү күндө өтө татаал жана узакка айрым учурларда 4-5 жылга чейин созулган. Бул жагдай, Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей,  инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну дээрлик мүмкүн эмес кылып, аймактардын өнүгүүсүн басаңдатат.

Себептердин арасында ал шаар куруу документтерин даярдоонун узак мөөнөттүүлүгүн жана бөлүмдөрдүн ортосундагы жетишсиз координацияны белгиледи.

Алдыга коюлган милдеттерди чечүү үчүн бекитүүнүн бардык этаптарында мөөнөттөрдү түп-тамырынан бери карап чыгуу, шаар куруу документтеринин ордуна айрым учурларда долбоорлорду киргизүүнү кароо, археологиялык отчетту даярдоо мөөнөтүн 10 жумушчу күнгө чейин кыскартуу, археология тармагында кадрларды даярдоону күчөтүү жана лицензиялоону кайра кароо тапшырылды.

Министрлер Мабинетинин дагы бир демилгеси QR коддору аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын баалоо системасын киргизүү болду. Мындай система жарандарга алынган кызматтар боюнча өз пикирлерин ыкчам калтырууга жана ошону менен мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгын жогорулатууга мүмкүндүк берет.
«Биз үчүн жарандарды угуу маанилүү. Алардын берген баасы биздин ишибиздин күзгүсү», — деп баса белгиледи Адылбек Касымалиев.

Мамлекеттик органдардын жетекчилерине келип түшкөн сын-пикирлерди ыкчам талдоону камсыз кылуу, кемчиликтерди жоюу жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу тапшырмасы берилди.

Белгилеп кетсек, сунушталган чаралар мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, санариптик трансформацияга, бюрократияны кыскартууга жана мамлекет менен коомдун ортосундагы байланышты күчөтүүгө багытталган.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар