Башкы беткеМаанилүүКамчыбек Ташиев анимациялык мультфильмдин тартылышын колдоду

Камчыбек Ташиев анимациялык мультфильмдин тартылышын колдоду

 Кыргызстанда анимациялык мультфильм тартыла баштады. Аны “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редакторунун орунбасары, белгилүү журналист Керим Айдаров тартып жатат.

Жакында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун колдоосу менен 6 сериялуу анимациялык мультфильм тартылып бүткөндүгү коомчулукка соцтармактар аркылуу жарыяланды. Учурда мултьфильм бала бакчаларда көрсөтүлүп, эл жакшы кабыл алууда.

Агартуу министри Догдургүл Кендирбаева дагы бул саамалыкты кубаттап, мындай мультфильмдер көп тартылып, балдарга көрсөтүлсө деген тилегин айтты.

Жакшы кабар КР УКМКнын Төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке да жеткен экен, дароо колдоого алып, дагы ушундай мультфильмдерди тартылышына тилектештигин билдирди.

“Камчыбек Кыдыршаевичтин анимациялык мультфильм тартууга колдоо көрсөткөнү күтүүсүздөн болуп,  билек түрүнүп иштөөгө дем берди. Бул жакшы демилге келечек муундарга тарбия, маданиятыбызга жаңы дем, элге шыктануу тартуулайт деп ишенебиз”- дейт долбоордун жетекчиси Керим Айдаров.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар