“Кемин–Балыкчы” электр линиясын куруу боюнча мыйзам долбоору жактырылды

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети “Кемин” жана жаңы “Балыкчы” подстанцияларынын ортосунда 500 кВ аба электр линиясын куруу боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Долбоор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен түзүлгөн кредиттик жана гранттык макулдашуулардын алкагында ишке ашырылат.

Долбоордун негизги максаттары:

  • улуттук энергетикалык тутумдун туруктуулугун жогорулатуу;
  • электр энергиясын өткөрүүнүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;
  • 220 кВ линияларындагы ашыкча жүктөмдөрдү азайтуу;
  • Ысык-Көл облусунда курулуп жаткан күн жана шамал электр станцияларын жалпы энерготутумга туташтыруу.

Долбоордун жалпы наркы 67,7 млн еврону түзөт. Анын ичинде:

  • 61,7 млн евро — 20 жылдык мөөнөткө (5 жыл жеңилдетилген мезгил менен) берилген жеңилдетилген насыя;
  • 3 млн евро — гранттык каражат;
  • 3 млн евро — техникалык жардам (консультациялык кызматтар жана долбоорду башкаруу үчүн).

Бул долбоор ишке ашкан соң өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу бекемделип, кайра жаралуучу энергия булактарын пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү кеңейери күтүлүүдө.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз