Иран бийлиги АКШ жана Израиль тарабынан жасалган соккулардын кесепетинен келтирилген зыян алдын ала 270 млрд долларды түзөрүн билдирди.
Бул тууралуу Иран өкмөтүнүн расмий өкүлү Фатеме Мохаджерани РИА Новости агенттигине берген маегинде маалымдады. Анын айтымында, бул көрсөткүчтөр азырынча так эмес жана кийинки этаптарда такталып, өзгөрүшү мүмкүн.
Зыянды баалоо бир нече баскычта жүргүзүлөт: алгач имараттарга келтирилген чыгым эсептелет, андан соң бюджеттик жоготуулар жана өнөр жай ишканаларынын токтоп калышынан келип чыккан кесепеттер талданат.
Ошондой эле Иран тарап АКШдан аскердик репарация өндүрүү маселесин карап жатканын билдирди. Бул маселе өткөн аптада Исламабад шаарында өткөн сүйлөшүүлөрдө талкууланган.
Мындан мурда Ирандын жогорку лидери Моджтаба Хаменеи өлкө келтирилген зыян жана курмандыктар үчүн компенсация талап кыларын белгилеген. Анын айтымында, Иран согушту каалаган эмес, бирок өз укуктарынан баш тартпайт.
Эске салсак, 28-февралда АКШ Израиль менен бирге Иранга каршы масштабдуу аскердик операция баштаган. Буга жооп катары Иран Перс булуңундагы АКШнын аскердик базаларына сокку урган. Айрым маалыматтарга ылайык, бул базаларга келтирилген зыян 1,5 млрд долларга жеткен.
АКШнын президенти Дональд Трамп бир нече жолу Иранга карата катуу билдирүүлөрдү жасап, талаптар аткарылбаса оор кесепеттер болорун эскерткен.
8-апрелде тараптар эки жумага ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашкан. Бирок 11-апрелде өткөн сүйлөшүүлөр жыйынтыксыз аяктаган.
