Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөнүн тоолуу райондорунда жана ашууларында кар көчкү түшүү коркунучу жогору экенин эскертти.
Маалыматка ылайык, жакынкы күндөрү айрым аймактарда кар күрткүсү күтүлүп, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Ушуга байланыштуу айдоочуларга өзгөчө сак болуу сунушталат.
ӨКМ төмөнкү унаа жол тилкелеринде коопсуздук чараларын күчөтүүнү эскертет:
- Бишкек–Ош унаа жолунун 121–138-чакырымдары (Төө-Ашуу ашуусу);
- Бишкек–Ош унаа жолунун 198–250-чакырымдары (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу);
- Балыкчы–Казарман–Жалал-Абад унаа жолунун 326–349-чакырымдары (Көк-Арт ашуусу);
- Каракол–Эңилчек унаа жолунун 70–90-чакырымдары (Чоң-Ашуу ашуусу).
Ошондой эле унаалардын ортосунда кеминде 500 метр аралыкты сактоо зарыл экени белгиленди.
Министрлик айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого, алыскы сапарларга чыкканда аба ырайынын шарттарын алдын ала тактап алууга жана мүмкүнчүлүк болсо кооптуу тилкелерден убактылуу баш тартууга чакырат.
