Башкы беткеРубрикаларАймактарДүйнөлүк көчмөндөр оюндары алдында Ысык-Көлдүн электр тармагы жаңыланууда

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары алдында Ысык-Көлдүн электр тармагы жаңыланууда

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн Ысык-Көл облусунда энергетикалык инфраструктураны жаңылоо иштери активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Энергетика министрлиги билдирди.

Учурда Григорьевка айылында узундугу 17,7 чакырым болгон 10 кВ жаңы электр берүү чубалгысы заманбап СИП зымдары менен курулууда. Долбоордун алкагында 200гө жакын темир-бетон мамы орнотулду.

Мындан тышкары, узундугу 16 чакырым болгон эски электр чубалгылары жаңыланып, жыгач мамылар темир-бетон конструкцияларына алмаштырылууда.

Ошондой эле “Григорьевка” көмөк чордонунда эки заманбап элегаздык өчүргүч орнотулат. Бул жабдуулар кыска туташуу болгондо автоматтык коргоону камсыздап, электр тутумунун коопсуздугун күчөтөт.

Министрликтин маалыматына караганда, бардык иштер июнь-июль айларында толук аяктап, оюндардын объекттерин туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга шарт түзүлөт.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар