Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Тажикстан парламенти менен кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюуну сунуштады. Бул демилге Тажикстандын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Назирмад Ализода менен жолугушууда айтылды.
Тараптар мамлекеттик чек араны делимитациялоо процессинин жыйынтыкталышы эки өлкө ортосунда соода-экономикалык жана маданий байланыштарды толук кандуу калыбына келтирүүгө жол ачарын белгилешти.
Марлен Маматалиев эми негизги милдет жогорку деңгээлде жетишилген келишимдерди ишке ашырууга көмөк көрсөтүү экенин айтып, парламенттер аралык кызматташууну комитеттер жана достук топтор аркылуу да тереңдетүүнү сунуштады. Анын айтымында, меморандум бул процесске системалуу түрткү берет.
Өз кезегинде элчи Назирмад Ализода эки өлкөнүн лидерлеринин саясий эрки чек ара маселелерин артта калтырып, жаңы баракты ачканын белгилеп, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоого даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана делегациялардын өз ара сапарларын үзгүлтүксүз уюштуруу боюнча макулдашышты.
