Башкы беткеЖогорку КеңешЖогорку Кеңештин Төрагасы иш сапары менен Ысык-Көлгө барды

Жогорку Кеңештин Төрагасы иш сапары менен Ысык-Көлгө барды

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев иш сапар менен Ысык-Көл облусуна барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапарын Ысык-Көл районунан баштаган Төрага бир катар социалдык мекемелердин курулушунан кабар алып, айрымдарындагы көйгөйлөрдү жеринде көрдү.

Алгач Марлен Маматалиев Чолпон-Ата шаарындагы жалпы дарыгердик практика борборунда болуп, 100 орундуу жаңы имаратынын курулуш иштери менен таанышты. Алсак, курулуш иштери 2024-жылдын аягында башталып, ага республикалык бюджеттен 230 млн сом каралган. Бирок каржы маселеси толук чечилбей курулуш иштери кечеңдөөдө. Андыктан Төрага дароо тиешелүү мамлекеттик органга байланышып, калган каражатты тездетип бөлүп берүүгө чакырды. Ошондой эле оорукананы керектүү жабдуулар менен камсыздоо максатында кошумча дагы 20 млн сом бөлүнөрү белгилүү болду.

Андан соң Марлен Маматалиев “Туризмди туруктуу өнүктүрүү максатында Ысык-Көлдүн экологиясын башкаруу” долбоорун ишке ашыруу маселелери менен таанышты.

Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Жапарбек Ормонов Төрагага аталган долбоордун алкагында Чолпон-Ата шаарын жана Бостери, Кара-Ой айылдарын бириктирген жаңы саркынды сууларды тазалоочу тутум куруу пландалып жатканын маалымдады.

Аймактын экологиясын сактоодо жана санитардык көйгөйлөрдүн алдын алууда саркынды сууларды тазалоочу курулманын ролу чоң экенин айткан Марлен Маматалиев курулуш иштерин ыкчамдатууга чакырып, кийинки жылдын туристтик сезону башталганча бүткөрүүнү талап кылды.

Ошондой эле Төрага Кара-Ой айылындагы декадалык жөнгө салуучу суу сактагычтын ишин көрүп: “Агрардык өлкө катары айдап-себүү жана дарак өстүрүү иштери менен алектенген дыйкандарга мындай суу сактагычтар өтө керек. Климаттын өзгөрүүсү жана жыл сайын артып бара жаткан кургакчылык сууга болгон муктаждыкты күчөтүп, түшүмгө да кедергисин тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги аталган суу бассейнин өз балансына алып, муктаждыкка ылайык кеңейтүү менен кийинки жылы бүткөрүп бериши керек”, – деди.

Иш сапарда жергиликтүү эл менен салтка айланган жолугушуу да болуп, ага Төрага баштаган депутаттар жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

Тургундар тарабынан мектеп, бала бакча, оорукана, жол, суу өңдүү социалдык-инфраструктуралык көйгөйлөр көтөрүлүп, аларды чечүү багытындагы сунуш-пикирлер талкууланды. Айтылган ар бир маселеге тиешелүү жооптор берилип, бардыгы жазылып алынды.

Марлен Маматалиев көтөрүлгөн бардык көйгөй көңүл сыртында калбай тургандыгын баса белгилеп: “Аймактардын өнүгүшү өлкөбүздү алдыга жылдырууда өзгөчө мааниге ээ. Андыктан, бүгүн айтылган ар бир маселени жеке көзөмөлүбүзгө алып, тийиштүү мекемелер менен бирге керектүү жумуштарды алып барабыз”, – деди.

Иш сапар Ананьево айылында жыйынтыкталып, Марлен Маматалиев Н.Г.Лященко атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин жана «Солнышко» мектепке чейинки билим берүү уюмунун абалы менен таанышып кайтты.

Алсак аталган мектептин имараты 1974-жылдан бери бир да жолу толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес. Ал эми бала бакча толугу менен авариялык абалда. Андыктан мектепти капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, бала бакчаны кайра куруу тапшырмасын берген Төрага: “Агартуу тармагын күчтөндүрүү үчүн билим берүү жайларындагы шарт-жагдайды жакшыртышыбыз керек. Ошондо гана келечек ээлерине кам көргөн болобуз”, – деп кошумчалады. Андан сырткары, мектептин үч классына Жогорку Кеңештин фондунан керектүү окуу жабдууларын алып берерин билдирди.

Эскерте кетсек, Төраганы “Элдик” депутаттык тобунун жетекчиси Акылбек Түмөнбаев, депутаттар Гүлкан Молдобекова, Улукбек Узакбаев, Табылды Муратбеков жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү коштоп жүрөт. Ал эми иш сапар эртең Түп жана Ак-Суу райондорунда уланары күтүлүүдө.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар