Башкы беткеСаясат жана коомКоомЭки күн Чүй менен Бишкектеги жолдордо чектөөлөр болот

Эки күн Чүй менен Бишкектеги жолдордо чектөөлөр болот

28-30-апрель күндөрү Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чара Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фора Эссозимна Гнассингбенин Кыргызстанга болгон иш сапарына байланыштуу көрүлүүдө.

Расмий делегациялардын өтүүсү учурунда «Манас» эл аралык аэропортунан Фучик көчөсү аркылуу Чүй проспектисине чейин, Чүй проспектисинде, Жусуп Абдрахманов көчөсүндө, Манас проспектисинде кыймыл чектөөгө алынат.

«Бул күндөрү чет өлкөгө же өлкөнүн башка аймактарына барууну пландаган жарандарга «Манас» эл аралык аэропортуна, темир жол бекетине жана Бишкек шаарынын Батыш автовокзалына алдын ала баруу, ошондой эле жол тыгындарына кабылбай, каттамдарга кечикпөө үчүн жүрүү маршруттарын алдын ала пландаштыруу сунушталат», — деп айтылат маалыматта.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар