Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эл аралык санкциялар боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.
Кеңешмеде учурдагы кырдаал, мүмкүн болгон тобокелдиктер жана колдонулуп жаткан чектөөлөрдүн өлкө экономикасына тийгизе турган таасири талкууланды. Ошондой эле санкциялык басымдын кесепеттерин азайтуу жана айрым чектөөлөрдү этап-этабы менен алып салуу боюнча сунуштар каралды.
Мамлекеттик органдар өкмөт жетекчилигине эл аралык милдеттенмелерди аткаруу, тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн ачыктыгын камсыз кылуу жана экспорттук-импорттук операцияларга көзөмөлдү күчөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.
Жыйында Кыргызстандын батыш өлкөлөрү жана өнөктөштөрү менен санкция маселеси боюнча туруктуу диалог жүргүзүп жатканы өзгөчө белгиленди.
Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик органдарга терс кесепеттерди азайтуу жана кыргыз компанияларын батыш өлкөлөрүнүн санкциялык тизмелеринен чыгарууга багытталган комплекстүү чараларды иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.