whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
20.4 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларБилим берүүКыргыз-британ билим берүү жаатындагы жаңы демилгелер каралды

Кыргыз-британ билим берүү жаатындагы жаңы демилгелер каралды

19-майда  агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өнөктөштүгү жана Борбор Азия боюнча директорунун орун басары Марк Клейтон менен жолугушту. Аны Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер коштоп жүрдү.

Маалыматка ылайык, жолугушуу маалында эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги талкууланып, биргелешкен долбоорлордун аткарылышы, педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жана билим берүүнүн мазмунун жаңылоо маселелери каралды.

Мындан тышкары, тараптар жаңы демилгелерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, агартуу системасында жүргүзүлүп жаткан реформалар боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуу ачык жана ишенимдүү маанайда өтүп, тараптар билим берүү жаатындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө өз ара кызыкдар экенин тастыкташты.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар