Төрага Марлен Маматалиев Жогорку Кеңеште жарандарды кабыл алуу максатында жасалып жаткан коомдук кабылдама менен таанышты.
Учурда парламентке келген жарандар үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатында коомдук кабылдаманын форматын өзгөртүү иштери жүрүүдө. Тагыраагы, коомдук кабылдамада акылдуу интеллект менен иш алып барган заманбап технологиялар жайгаштырылып, жарандарды кабыл алуу иши толугу менен санариптешет. Ошону менен бирге балалуу энелерге да ыңгайлуу шарттар түзүлөт.
“Жасалма интеллект менен коштолгон санариптик технологиялар жарандарды сапаттуу тейлөөгө кызмат кылып, баарлашуу жана кат алмашуу процессин ыкчам жүргүзүүгө өбөлгө түзөт. Тагыраагы, пилоттук негизде бардык процесс санариптешип, документ жүгүртүү иши толугу менен электрондук форматка өткөрүлөт. Ошондой эле жарандардын кайрылуулары аудио түрүндө да кабыл алынып, жасалма интеллект аркылуу автоматтык түрдө тексттик форматка айландырылат”,– деди Марлен Маматалиев.

