whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.05.2025
12.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларБилим берүүБилимдүү көп, билген аз

Билимдүү көп, билген аз

Билимдин очогу мектеп, билимге канык кылган мугалим. Баарыбызды ошол мугалим окуткан. Бүгүн өзүбүз эле билимдүү болуп алгансып мугалимдерди карабай койдук. Бүгүн мугалимдердин кадыр-баркы жок. Мектепке барып жакалап, мушташып кетип атышат. Япондор айткандай, мугалимдин баркы жок жерде, өнүгүү да, өсүү да болбойт…

Кыргызстанда 2377 мектеп бар, анын ичинен 204 мектеп менчик. 99 кесиптик лицей, 165 колледж, 83 жогорку окуу жай бар. 83 ЖОЖдун 31и мамлекеттик. 2168 бала бакча бар болсо, дагы 2000 ашык бала бакча керек экен. Анткени бала бакча жетишпейт. Союз мезгилиндеги бала бакчалардын далайы менчиктелип кеткен. 1 млн. 268 миңдей окуучу, 219030 студент билим алат. Мына билимдин булагы, элдин эртеңки келечеги ушул жерде. Биз 30 жыл ичинде өз өлкөсүн, өз улутун сүйүүгө шыктандырган билим бере алдыкпы? Жок! Билимге болгон саясат начар. Тилекке каршы, башка өлкөлөрдүн идеологиясына каныктырган менчик окуу жайлар көбөйүп баратат. Өзүбүздүн окуу жайларда өз өлкөбүздү, мекенди сүйүүгө мыктап үйрөткөн билим саясаты керек. Жогоруда мисал кылгандай, Япония, Түштүк Корея жана башка өнүккөн мамлекеттердей билимге астейдил мамиле кылганда, өнүгүү жолуна эбак түшмөкпүз. Бүгүн жогорку окуу жайды бүткөндөр аябай көп. Бирок коом билимдүү деп айталбайсын. Кыргызда “билимдүү көп, билген аз, күйүмдүү көп, күйгөн аз” дейт. Билгендер көбөйсүн, жан дили менен күйгөндөр көбөйсүн!

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар