Башкы беткеСаясат жана коомКоом«Элдик Банк» «Скай Мобайл» компаниясын сатып алды

«Элдик Банк» «Скай Мобайл» компаниясын сатып алды

«Элдик Банк» ААКсы Beeline Кыргызстан бренди менен иштеген «Скай Мобайл» компаниясынын 100% акциясын сатып алуу боюнча келишимди жыйынтыктады.

Маалыматка ылайык, бул чечим президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан ырааттуу мамлекеттик стратегиянын бир бөлүгү болуп саналат жана улуттук кызыкчылыктарды бекемдөөгө, санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө жана экономиканы модернизациялоого багытталган.

Стратегиялык телекоммуникациялык активди сатып алуу заманбап финансылык жана санариптик кызматтарды интеграциялоо, жарандар жана бизнес үчүн технологиялардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле инновациялык өсүштү өбөлгөлөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Келишим ачык-айкындуулуктун жана корпоративдик башкаруунун эл аралык стандарттарын сактоо менен жүргүзүлдү, бул инвестициялык климатты жана өлкөнүн экономикасынын негизги секторлорунун туруктуу өнүгүүсүн бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар