14-15-августта Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында өткөрүлөт.
Маалыматка ылайык, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчылары 20 маселени, анын ичинде үчүнчү өлкөлөрдөн Биримдикке мүчө мамлекеттердин аймагына ташылып келинген салык салынуучу товарлардын бажы наркын көзөмөлдөө маселелерин, ошондой эле 2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын ишке ашыруу маселелерин талкуулашат.
Мындан тышкары, өкмөттөр аралык кеңеш ЕАЭБ алкагында бирдиктүү биржа товар рыногунда биржалык сооданы өнүктүрүү программасын бекитет жана 2024-жылдагы ЕАЭБдин мунай жана мунай продуктуларынын, ЕАЭБдин жаратылыш газынын жалпы рынокторун жүрүшү жөнүндө отчетторду угат, ошондой эле 2024-жылга карата трансчек аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жана аларда жалпы атаандаштык эрежелерин бузуунун алдын алуу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө Евразия экономикалык комиссиянын отчету жөнүндө маалымат каралат.
Мындан тышкары, Евразия экономикалык биримдигинин алкагында макулдашылган транспорттук саясатты ишке ашыруунун негизги багыттары жана этаптары, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жалпы рыногун өнүктүрүү концепциясы боюнча маселелер каралат.

