Кезегинде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын жетекчиси болгон, чек ара боюнча тажрыйбалуу эксперт Саламат Аламанов менен кыргыз-тажик чек ара келишиминин тегерегинде сөз кылдык.
– Бийлик Баткендеги Төрт-Көчө нейтралдуу болгонун айтса, айрымдар анын төрт тарабы тажиктерге тиешелүү болуп калды. Кийин ээ боло албай калабыз деп жатышат. Бул боюнча эмне айта аласыз?
– Чынында ал жерди анча жакшы билбейт экемин. Бирок, акыркы жылдары биз Лейлек жакка ошол жол аркылуу тынч эле өтүп калганбыз да. Менимче бул жакшы эле болгон. Себеби, мурда төмөн жактагы Чорку аркылуу өтчүбүз. Өтүп бара жатканда тажик балдар кээде кыргыз номерлүү унааларды таш менен ургулап тентектик кылган учурлар болгон. Бул атайын уюшулдубу же балдар бейбаштык кылдыбы билбейсиң. Эми ал жер эки машине араң өткөндөй тар көчө. Эки жагы сокмо дубалдар. Дубалдын түптөрүндө кара чапанчан кишилер отурганын көрчүбүз. Көрсө, алар чарбагын коргондоп алып, бой жеткен балдары ошонун ичине кепе салып эптеп оокат кылышат экен. Иштейин десе жер жок, иш жок. Анан ошентип көчөгө чыгып отурушат деп айтып калышчу. Ошондой муунуп жашаган эл Лейлекке баратканда бош жаткан жерлерди көрүп алып сөзсүз кыжыры келет экен да. Сөздөн сөз чыгып анан мамиле бузулчу экен. А Төрт-Көчө дегенди мен кийин эле уктум. Биздин убакта мындай түшүнүк жок болчу. А жанагы көпүрө салып, 176 метр жерди ижарага алгандай алмашканыбыз, тажиктерге жогорку чыңалуудагы электр линиясын жеткирүү үчүн жасалган. Кийинки кезде ал негедир айтылбай жатат. Эми ал кезде маселени башка адамдар чечкен. Менин милдетим чек ара сызыгы кайдан өтөрүн көргөзүп берүү болчу.
Бир учурда мен орусча “Граница живой организм” деген макала жазгам. Мына чек арабыз такталган Казакстан менен эмне болуп жатабыз. Бул өзү турмуш. Адам пенде болгон соң кошуна райондорунун башчыларынын мамилеси, көз карашы роль ойнойт. Аны жөнгө салыш үчүн чек ара режими деген документ кабыл алышыбыз керек. Кошуналарыбыздын бири менен да андай келишимибиз жок. Азыр Кытай менен Кыргызстан бажы кызматтарынын ортосундагы товар алмашуудагы маалыматтар эки башка болуп калып жатат деп айтып жатышат. А негизи эки жакта тең товарлардын
баасы бипбирдей болушу керек. Анын баары чек ара режими деген келишим менен такталат. Ошол жок болгондуктан азыр бир экономикалык алкакта болгонубузга карабай биздин фуралар Кыргызстан – Казакстан чек арасында километрлеп кезекте туруп калып жатат.
Тагыраагы, кыргыз-тажик чек арасынын чечилиши тарыхый окуя. Бул керек болсо Борбордук Азия коопсуздугунун фактору.
Маектешкен Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”

