Канча жылдар бою чечилбеген кыргыз-тажик чек арасына быйыл чекит коюлуп, чек ара сызыктары такталды. Тагыраак айтканда, эки мамлекет ортосундагы 486,94 километр чек ара сызыгы эки тараптуу макулдашылды. Кезегинде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын жетекчиси болгон, чек ара боюнча тажрыйбалуу эксперт Саламат Аламанов менен ушул маселенин тегерегинде сөз кылдык.
– Саламат Күлөмбекович, кыргыз-тажик чек арасын тактоо иши аягына чыкканын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орунбасары, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев билдирди. Ал арада Достук айылынын коңшу мамлекетке өтүшү боюнча сын пикирлер айтылып, чек ара маселесинин чекит коюлганын кубаттагандар да көп болууда. Дегеле ушул макулдашуунун өзү туура болдубу?
– Чек ара сызыгы такталып, эки мамлекеттин буга макул болгону эки тарап үчүн да, чек ара тилкесинде жашаган эл үчүн да чоң жетишкендик. Достук айылындагы курулган үйлөргө коротулган каражаттар үчүн кошумча жер алынганы да айтылбадыбы. Бул өзү дүйнөлүк практикада колдонулуп келген ыкма. Башка үч мамлекет менен чек араны тактаганда да биз ушул ыкманы колдонгонбуз. Албетте, мындайда жергиликтүү эл ичинде ушул жерге кан-жаныбыз сиңип калды эле дегендей кеп-сөздөр да чыгат. Анын үстүнө Достук айылы биздин райборбордон 40 чакырым алыс, тажиктердин Исфарасынан 15 чакырым алыс деп айтылып жатпайбы. Чек араны чечкенде ушундай нерселер дагы эске алынат. Анан алмашылып жаткан жерлердин аянты, сапаты чек ара тилкесинде жашаган элдин кайсынысына көбүрөөк пайда алып келе турганы эсептелиши керек. Эгерде сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ушул айыл аймагы тигил жакка пайдалуураак делсе, экинчи тарапка да ошондой пайдалуу жерди адистер тандайт. Достук айылын алмашууда биз 90 гектар жер алып, салынган үйлөрдүн чыгымы үчүн кошумча 30 гектар жер алып жатабыз. Калган жерлер дагы ушундай тең салмакталып чечилсе керек. Анан албетте, айрым жерлерде бирге-бир болбой калат. Бирок, бир жердин кенемтеси башка жер менен толукталат. Ошондуктан такталуучу көп жерлер бир каралып, балансталып, эки тарапка тең пайдалуу чечим кабыл алынат. Азыркы айтылып жаткан жерлердин көбү менин көз алдымда турган жерлер. Негизинен туура чечилгендигине көзүм жетип турат.
– Баткендин мурдагы губернатору Мамат Айбалаев бир кезде “кандай жол болбосун анклавдарды жоюшубуз керек” деген оюн айтты эле…
– Дүйнө жүзүндө 300дөн ашык анклав бар. Бирок, ошонун көбүндө, айрыкча Европа багытындагы анклавдарда жашагандар ал жер анклав экенин сезбейт. Себеби, алар формалдуу түрдө анклав болгону менен чек арада эч кандай чектөө жок. Бул элдин бири-бирине болгон мамилеси, жашоо маданиятына байланыштуу. А аны ырбатып, көбүртө берсе бир мамлекет эмес, бир айылдын ичиндеги эки кошуна деле алакандай жер үчүн согуша берет. Анан Ворух, Сохтун аянты чоң болгондуктан аларга аянты, сапаты жагынан, жайгашкан ордуна шайкеш келгидей бизде жер барбы, жокпу деген маселе бар. Анан анклавда жашаган элдин улуттук курамы да чоң мааниге ээ. Ворухта бир айыл эмес 30-40 миң адам жашайт. Аларда ушул жер биздики, эч жакка кетпейбиз деген психологиялык абал калыптанып калган. Бир жылы биз тарап тажиктерге 1 сантиметр да жерибизди бербейбиз десе, эртеси эле тажиктер биз да кыргыздарга жерибизди бербейбиз деп чыккан. Ошондо мен бул сүйлөшүү эмес тирешүү болуп калганын, аягы туура эмес болуп каларын айткам. Кийин тигинтип жаңжал чыгып кетти. Ошондуктан чек ара маселесинде өтө кылдат сүйлөш керек. Дүйнөлүк практикада чек ара сүйлөшүүлөрүнүн риторикасы деген бар. Анда эки тараптын бири-биринин пикирин сыйлоо, түшүнүү деген принцип иштейт. Сүйлөшүү жүргүзүп жаткан адамдар бири-бирине душман эмес, мамлекеттин тапшырмасын аткарып жаткан кызматкер катары өз мамлекетинин аргументин алып чыгып, оюн туура жеткириши керек. Экинчи тарап аны туура түшүнүп, ыраа-зычылыгын айтып, ага карама-каршы позициясын билдириши керек. Ошентип отуруп сүйлөшүү аягына чыгат.
– Жогорку Кеңештин депутаты, Баткен жергесинде туулуп-өскөн киши Султанбек Айжигитов, “Бийлик чек араны тактоодо депутаттарга алдын-ала документтерди берсе болмок. Бизге айрым жерлери түшүнүксүз болуп калды”, деп жатат…
– Калкты мындай сүйлөшүүлөргө аралаштырганда сүйлөшүү болбой эле ызы-чуу болуп кетет. Биз Өзбекстан менен сүйлөшүп жатканда, эки тараптан тең чек ара такталбаган жерлерге элди топтоп, “Туура эмес кылганы жатасыңар” деп жасала элек иш боюнча ызы-чуу кылгысы келгендер болгон. Ошондой жерлерге барып элге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүбүздө эл тарап кеткен.
С.Айжигитов Баткенде губернатор болуп турганда мындай иштерге өзү деле катышкан. Маселенин кандай экенин жакшы билет. Эми эл катышыш керек дегенде талаш тилкеге жакын айылда миң киши, а коңшу мамлекеттин кошуна айылында 3 миң киши жашаса анын баарын кантип катыштырабыз? А реалдуу түрдө делегация ишине райондун жер боюнча адиси сөзсүз катышат. Анан айылдардын айыл өкмөт башчылары, тиешелүү адистери катышат. Аларга делегация маселени ийне-жибине чейин түшүндүрөт. Тигил тараптан дагы ошондой деңгээлдеги адамдар катышат. Алар бирин-бири жакшы тааныган адамдар. Балким, эки айылдын жер боюнча адистери. Дайыма кезигип, керек кезде талаша кетип, кайра тамак ичип турушат дегендей. Район адистери да союз кезинен бери үй-бүлөлүк катыштагы кесиптештер болушу мүмкүн. Алар жалпы элге караганда кырдаалды жакшы билет. Анан ал жердеги аким көп нерсени билет. Элдин катыштыгы деген ошол. А элди үйүр топ менен катыштырган болбойт.
– Канткен күнү да сизде чек ара боюнча тажрыйба бар. Кыргызстан-Тажикстан чек ара маселесин тактоодо бийлик башындагыларга сунуш-пикирлериңизди бердиңизби?
– Делегациянын мүчөсү болбогондуктан официалдуу түрдө тактоого катыша албайм. Бирок, мен өзүмдүн сунуштарымды жазып берип жаттым. Себеби, оозеки айтып койгон жарабайт. Эртең айткан эмессиң деп да коюшу мүмкүн. А кагаз жүзүндө болсо кийин мындай деп жазып бергем деп далилдегенге болот. Сүйлөшүүлөрдө жүргөн адам мунун
баарын жакшы билип калат.
– Камчыбек Ташиев жерлер кандай алмашылганын эл алдында майда-чүйдөсүнө чейин деталдуу айтып берди. Ошону картадан карап анализдеп көрдүңүзбү?
– Мен ал жерлерди жакшы билем да. Эзелтен эле ал жерлерде чек ара сызыгы боюнча маселелер болуп келген. Негизинен туура болду. Ал жерде жеке Камчыбек Ташиев эле эмес жыйырмадан ашык республикалык, облустук, райондук деңгээлдеги адистер, ар бир айылдын жер адистери болду да. Алар жердин сапатын, географиялык абалын жакшы билишет. Эгер алар талкуулап, макулдашышса демек баары туура чечилген. Ташиев болсо жетекчи катары ийне-жибине чейин доклад кылды. Карап отуруп биз бир эмес бир канча жолу барган Таш-Тумшук, Масейиттин жери сыяктуу талаш жерлер чечилгенин көрдүм.
уландысы бар Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”