Башкы беткеСаясат жана коомКоомСоодагерлер документи жок товарды кантип мыйзамдаштырат?

Соодагерлер документи жок товарды кантип мыйзамдаштырат?

Мамлекеттик салык кызматы базарлардын администрациялары менен биргеликте ишкерлерге товарларды легалдаштыруу боюнча түшүндүрүү иштерин улантуп жатат. 

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуулардын жүрүшүндө баштапкы документтери жок товарларды эсепке коюуга мүмкүндүк берүүчү жаңы кагаз документи – кириштөө документин колдонуу эрежелери түшүндүрүлүүдө.

Бул документ баштапкы эсепке алуу документтери жок болгон же талаптагыдай таризделбеген товарларды каттоого мүмкүндүк берет.

Товарларды 2025-жылдын 1-апрелине чейин гана мыйзамдаштырууга болот.

Салык кызматынын жетекчилиги жана кызматкерлери «Аламүдүн базарынын» ишкерлери менен жолугушуусуна Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков, профилдик башкармалыктардын жетекчилери, ошондой эле 100дөн ашык ишкерлер катышты.

Салык кызматы салык жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү үчүн түшүндүрмөлөрдү жана консультацияларды берүү менен ишкерлерге колдоо көрсөтүүнү улантары маалымдалды.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар