whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.06.2025
22.3 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров Сауд Аравиянын Соода-өнөр жай башкармалыгынын төрагасын кабыл алды

Садыр Жапаров Сауд Аравиянын Соода-өнөр жай башкармалыгынын төрагасын кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда, Сауд Аравия Королдугунун Соода-өнөр жай палаталары федерациясынын Башкармалыгынын Төрагасы Хасан Моажеб Аль-Хувайзини жана падышалыктын алдыңкы компанияларынын өкүлдөрүн кабыл алды.
Жолугушууда инвестициялык кызматташуу, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо жана эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды.
Мамлекет башчысы 21-майда Бишкекте өткөн кыргыз-сауд Ишкерлер кеңешинин экинчи жыйынынын алкагында Соода-өнөр жай палаталарынын төрагасы баштаган Сауд Аравиянын делегациясы кыргыз ишкерлери менен конструктивдүү мамилелерди түзүүгө мүмкүнчүлүк алды деген ишенимин билдирди.
Президент Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан масштабдуу реформалар жана ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу айтып берип, жагымдуу инвестициялык климатты түзүү аракеттерине басым жасады. Белгиленгендей, өлкөдө инвесторлордун укуктарын коргоо жана ишкерлик жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу боюнча мыйзамдык чаралар кабыл алынган.
Садыр Жапаров дараметтүү кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын, анын ичинде энергетика, туризм, кыймылсыз мүлк, банк сектору, логистика, санариптештирүү жана айыл чарба экспортун белгиледи.
Өз кезегинде Сауд Аравиянын Соода-өнөр жай палаталары федерациясынын Башкармалыгынын Төрагасы Хасан Моажеб Аль-Хувайзи Кыргызстан келечектүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн зор потенциалы бар, жагымдуу жана негизинен али өздөштүрүлө элек аймак экенин белгиледи. Ал ошондой эле эки жактуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда жигердүү жана конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө даярдыктарын ырастады.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар