Башкы беткеСаясат жана коомКоомАсел Байбагышева — Эверестти багындырган биринчи кыргызстандык аял

Асел Байбагышева — Эверестти багындырган биринчи кыргызстандык аял

Кыргызстандык альпинист Асел Байбагышева дүйнөдөгү эң бийик чоку  Эверестти багындырды. Бул тууралуу Кыргызстандын Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов 11-майда маалымдады.

Анын айтымында, Байбагышева Эверестке чыккан алгачкы кыргыз аял болуп, өлкө тарыхында жаңы баракты ачты. «Бул — кыргыз спорту үчүн тарыхый күн», — деди Кубатов.

Эверест деңиз деңгээлинен 8848 метр бийиктикте жайгашкан. Байбагышева сапарга 14-апрелде чыгып, 11-май күнү эртең мененки саат 9:15те чокуга жетти. Аны бул катаал жолдо альпинист Кадыр Сайдилкан коштоп жүрдү.

Сайдилкан өзүнүн билдирүүсүндө Асел Байбагышева чокуга рекорддук убакытта — 54 саатта чыкканын белгилеп, аны “Кыргыздын баатыр кызы” катары мүнөздөдү. Ал ошондой эле, 2025-жылдын сезонунда Эверестке биринчи жеткен дүйнөдөгү алгачкы аял альпинист болгонун кошумчалады.

Асел Байбагышева буга чейин Жеңиш, Хан-Теңири жана Жел-Айдар чокуларына чыккан. 2022-жылы ал Манаслу (8163 м) чокусун кычкылтексиз багындырган Кыргызстандагы алгачкы аял альпинист катары да тарыхта калган.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар