Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кадамжай районундагы “Алгакадам” суу каналынын курулуш долбоору менен таанышып чыкты.
Кара-Жантак айылындагы 4200 гектар жерди сугат суу менен камсыз кылуу максатындагы бул долбоор айыл чарба продукциясынын түшүмүн арттырып, жергиликтүү дыйкандардын экономикалык турмушун жакшыртууга багытталган. Долбоордо каналдын өткөрүү жөндөмдүүлүгү, тоннелдердин узундугу жана суу сактагычтардын көлөмү боюнча техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр сунушталды.
Суу менен камсыздоо системасынын негизги бөлүгү болгон тоннелдердин курулушу өзгөчө көңүл борборунда болду. Долбоордун жалпы сметалык наркы 3 млрд 72 млн сомду түзөт, анын ичинен 650 млн сому республикалык бюджеттен бөлүнгөн.
“Алгакадам” коомдук бирикмесинин төрагасы долбоордун жүрүшү жана учурдагы иштер тууралуу маалымат берип, көйгөйлүү маселелерге токтолду.
Касымалиев аймактагы ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун маанилүүлүгүн белгилеп, тиешелүү мамлекеттик органдарга курулушту өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аяктоону камсыздоо боюнча тапшырма берди.