10-майда кечинде Индия менен Пакистандын расмий бийлиги атышууну токтоосуз жана толук токтотууга макулдашканы маалым болду. Маалыматка ылайык, тараптар сүйлөшүүлөрдөн кийин кургакта, абада жана деңизде аскердик аракеттерди дароо токтотууга макул болушкан.
Пакистандын тышкы иштер министри Исхак Дар эки өлкө аскердик тирешүүнү чукул токтотууга макулдашканын ырастады. «Пакистан дайыма өзүнүн эгемендигин жана бүтүндүгүн коргоо менен аймактык тынчтыкка умтулуп келген», — деди ал.
Индиянын тышкы иштер министри Викрам Мисринин айтымында, атышуулар жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00дөн тартып толук токтотулат. Ошондой эле Пакистандын аскер башчысы индиялык кесиптешине 10-май күнү байланышып, 12-майда жолугушууга макулдашканы айтылды.
Эске салсак, соңку тиреш 7-майдан тарта күчөп, 10-майда Пакистан Индияга каршы ири аскердик операция баштаганын жарыялаган. Чыр Кашмирде 26 кишинин өмүрүн алган кол салуудан кийин тутанган. Индия бул үчүн Пакистанды айыптап, «Синдур» деп аталган операциясынын алкагында 7-майга караган түнү бир нече бутага сокку урган.
Пакистан бул чабуулда 26 киши каза болуп, 46сы жараат алганын билдирип, аны “согуштук аракет” деп атаган. Кийинчерээк Индия Пакистан тараптан да артиллериялык соккулар болгонун, анын кесепетинен жети адам каза тапканын маалымдады.
Акыркы атышуулардын натыйжасында эки тараптан 50гө чукул адам көз жумду. Коопсуздукка байланыштуу 200дөн ашык аба каттамы токтотулуп, 18 аэропорт убактылуу жабылды.