Башкы беткеМаанилүүӨкмөттө жаңы 100 кундүк реформалар талкууланды

Өкмөттө жаңы 100 кундүк реформалар талкууланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешме өткөрдү. Жыйындын күн тартибинде 2026-жылдын январь-февраль айларындагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр, бюджеттин аткарылышы, жаңы 100 күндүк реформалар жана жазгы талаа иштерине даярдык талкууланды. Алдын ала маалыматтарга караганда, январь-февраль айларында өлкөнүн ИДПсы 264,1 млрд сомду түзүп, 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,8%га өскөн. Өсүш негизинен курулушта (23,2%), кызмат көрсөтүүдө (6,7%) жана айыл чарбасында (2,6%) байкалган, өнөр жай 15,5%га өсүп, өзгөчө химиялык, фармацевтика, тамак-аш, транспорт жана курулуш материалдары секторлорунда жогорку көрсөткүчтөр катталган. Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 11,5%га өсүп, ички каржылоо булактары 17,8 млрд сомго жетти.

Жыйында бюджеттин аткарылышы да каралып, салык жана бажы кызматтары, Финансы министрлиги каражаттарды өздөштүрүү жана аткаруу боюнча маалымат беришти. Бюджет тапшырмаларын өз убагында жана толук аткаруу зарылдыгы баса белгиленди. “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында жаңы реформаларга өзгөчө көңүл бурулууда. Биринчи реформа кардарлардын баалуу кагаздар рыногуна жетүүсүн жөнөкөйлөтүү болуп саналат: мамлекеттик паспорттук реестрге кирүү жана чет элдик инвесторлор үчүн аралыктан брокердик эсеп ачууну кошо, кардарларды дистанциялык санариптик идентификациялоо киргизилет. Бул процесс 15 мүнөткө кыскарып, өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатат. Экинчи реформа – ден соолук маалымкаттарын санариптештирүү. “Санарип Клиника” системасы жана “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу сертификаттын электрондук версиясы киргизилип, каттоо процесси сегиз күндөн төрт күнгө кыскарып, медициналык мекемелерге кайрылуулардын саны бештен экиге чейин кыскартылат. Бирдиктүү реестр жана онлайн текшерүү киргизилип, жылына 6–12 млн сомго чейин үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы реформаларды 100 күндүн ичинде ишке ашырууну тиешелүү мамлекеттик мекемелерге тапшырды. Мындан тышкары, жыйын жазгы талаа иштери боюнча даярдыкты талкуулап, аймактардагы абалга, дыйкандардын даярдыгына жана үрөөн себүү өнөктүгүн ийгиликтүү өткөрүүгө жетиштүү каражатты камсыздоого өзгөчө көңүл бурулду.

Гезит

Өнүгүү векторлору: «Жашыл» энергетика – туруктуу

2030-жылга чейинки Улуттук программаны ишке ашыруунун алкагында кабыл алынган Улуттук программалардын маанилүү багыттарынын бири — «жашыл» энергетиканы өнүктүрүү жана туруктуу өнүгүү принциптерин ишке ашыруу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар