Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева менен ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Самман Тапа жолугушуусун өткөрүштү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар балдардын укуктарын коргоо жана бакубаттуулугун камсыздоо жаатындагы кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 2026–2027-жылдарга балдар укугун коргоо системасын чыңдоо жана балдардын абалына мониторинг жүргүзүү боюнча социалдык саясат программаларынын жылдык иш планына кол коюлду.
Бул кызматташтык системалуу мониторинг жүргүзүүгө, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого жана Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн институтунун ишмердүүлүгүн натыйжалуу жүргүзүүгө багытталат.
Тараптар ар бир балага толук кандуу өнүгүү, коргоо жана укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүгө басым жасашты, бул мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун жогорулатып, балдардын кызыкчылыктарын комплекстүү чечүүгө мүмкүндүк берет.


