Башкы беткеМаанилүүПрезидент Кыргызстандын АКШдагы Элчиси Эдил Байсаловду кабыл алды

Президент Кыргызстандын АКШдагы Элчиси Эдил Байсаловду кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эдил Байсаловду кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Эдил Байсалов мамлекет башчысына өткөн аптада өткөрүлгөн кыргыз-америкалык саясий консультациялардын жыйынтыктары, ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.
Садыр Жапаров кыргыз-америкалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, эки тараптуу күн тартибинин негизги артыкчылыктарын, анын ичинде соода-экономикалык, инвестициялык жана социалдык-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү илгерилетүүнү белгиледи.
Мамлекет башчысы Элчиге Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу, ошондой эле Америка Кошмо Штаттары менен өз ара пайдалуу өнөктөштүктү бекемдөө боюнча ишти активдештирүүнү тапшырды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров ошондой эле Эдил Байсаловго Президенттин Эл аралык демилгелер боюнча атайын өкүлүнүн кошумча функцияларын жүктөп, ага Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жогорку дипломатиялык рангын ыйгарды.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар