30-июндан 9-июлга чейин дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн чогулган 35 журналист Жуңго Эл Республикасынын Шинжаң-Уйгур автоном районунун Үрүмчү, Кашкар, Турпан шаарларында болуп, эски шаарларынын урандыларын тарыхый эстеликке айланткан ажайып жайлары, миң кылым карыткан үңкүрлөрү, улуттук аспаптар айылдары, улуттук этнографиялык музейлери, шалы, пахта талаалары, заманбап индустриалдык жана биотехникалык, интеллектуалдык техникалар компанияларынын ишмердиги менен таанышып кайтышты.
Алардын катарында сиздердин сүйүктүү «Кыргыз Туусу» гезитинин маданият бөлүмүнүн башчысы Болотбек Таштаналиев да болду. Анда кеп кабарчыбызда.
Жаңы сорттогу кара өрүк паркында
Жер-жемиштен, анын ичинде кара өрүктөн ден соолук үчүн керектүү азыктардын түр-түрүн чыгарса болот деп уктуңуз беле. Биз буга Жяшидеги жаңы сорттогу кара өрүк өстүргөн парктан күбө болдук.

Интернеттеги маалыматтарга караганда, аталган айыл чарба паркынын плантациялары Гуандун провинциясынан жана Жяши округунда орун алган. Чамасы, Жяшидеги кара өрүк паркы Гуандундагы улуттук айыл чарба компаниясынын филиалы окшойт.
Аталган айыл чарба технологиялары компаниясы 2015-жылы негизделип, 53.54 миллион юань катталган капиталы менен түзүлгөн. Азыркы учурда 518 кызматкери бар жана Шинжаңдагы айыл чарбасы индустриялаштырылган алдыңкы ишканаларынын бири болуп саналат.
9 жылдык өнүгүүдөн кийин компания Шинжаңдагы өзгөчө, ар түрдүү жана ден соолукка пайдалуу жаңгак азыктарын чыгаруучу алдыңкы компанияга айланган. Компаниянын сатуу көлөмү 350 миллион юандан ашкан.
Компания 2023-жылы CCTV телеканалынын “Өсүп жаткан улуттук бренддер” рубрикасына тандалып киргизилип, 2024-жылдан тартып эл аралык соода иштерин баштаган. Азыркы учурда төрт негизги категориядагы 29 түрдөгү продукциясы Белгияга, Нидерландыга, Россияга жана башка өлкөлөргө экспорттолуп, чет өлкөлүк керектөөчүлөр жана өнөктөштөр тарабынан жакшы кабыл алынууда.
Биз компаниянын продукцияларын өз көзүбүз менен көрүп, өз колубуз менен кармаладык. Ден соолукка пайдалуу сокторунун даамын таттык.
Компания аз убакыт аралыгында сапаттуу жана коопсуз продукциясы менен белгилүү болуп, ички рынокто таанылганына чындап ишенесиң.
Жаңы сорттогу кара өрүктөр плантациясында да болуп, жемиш багын аралап таң калбай кое албадык.

Шинжаңда канчалаган айыл чарба парктарында, айыл чарба талааларында болбодук. Бул жакта органикалык мөмө-жемиш өстүрүү менен тең катар экологиялык туризмди өнүктүрүү, айыл чарба технологиялары менен тааныштыруу, агро-экотуризм аркылуу туризмди өнүктүрүү максаты башкы планда турат экен. Туристтер өрүктүн ар кандай түрлөрүн көрүп, сезондо өрүк терүүгө катыша алышат.
Кыскасы кошуна Жуңгодо экологиялык туризм – аймактын туризмин өнүктүрүп, жергиликтүү фермерлерге иш орундарын түзүп берүүчү долбоор катары эсептелет.
Эски шаар
Жуңгодо “Кашкарды көрбөсөң – Шинжаңды көрбөгөнүң, а Шинжаңды көрбөсөң – Жуңгону көрбөгөнүң” деген учкул кеп бар. Өз кезегинде Кашкар аймагы айтылуу Кашкар базарынан башталат.

Базар Кашкар шаарынын чыгышында эски Кашкар шаарында орун алган. Илгери-илгери бул жер Жекшембилик базар делип жуманын бир күнү гана иштесе, азыр күн сайын иштейт.
Базар күн сайын миңдеген туристтердин катышуусунда уйгур улуттук ыр-бийлери менен коштолгон театрлаштырылган оюн көрсөтүлүп ачылат. Бүгүнкү күндө Улуу Жибек Жолунун боюнан орун алган базарда эски Кашкар шаарынын бир бөлүгү сакталып калган.
Бул жерге келген туристтер базарды кыдырып, белек-бечкек алып эле тим болбостон, Кашкар шаарынын эски көчөлөрүнө түшүп, түптүз эле ХVIII-ХIХ кылымга өтүп кеткендей болот. Кууш көчөлөр, ылайдан, жыгачтан салынган үйлөр качан, эмне курулуш материалы менен салынса, кол тийбестен ошол боюнча сакталган.
Заманбап отелдердеги бардык ыңгай-луулуктардан тажасаңыз, эски шаарда кала берсеңиз, конгонго конок үйү, ичип-жегенге улуттук тамак-аштар табылат. Кааласаңыз мукамдуу ыр угуп, кымча бел кыздарга кошулуп бийлеп, ааламдашкан дүйнөнүн түйшүгүн унуткарып, эс алсаңыз да болот.
Биз, дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн келген журналисттер эски үйлөрдүн бирине баш багып, чай ичип, ыр угуп, бий уктук. Оо, дутардын үнүндөй болобу. Кылдарына кол тийгенде, ажайып бир мукам кайрык оболоп, Кашкар жергесин аралап жөнөйсүң. Ал обондо элдин тарыхы да, кубанычы да, күлкүсү да баары бар.

Эски Кашкар (Каши) байыркы Улуу Жибек жолунда Чыгыш менен Батышты байланыштырып турган маанилүү соода борбору болуп, Индия, Персия, Борбор Азия жана Жуңго соодагерлери ушул жерден өтүп турган. Шаардын 2000 жылдан ашуун тарыхы бар. Кашкар шаары биздин заманга чейинки II кылымдан бери түрк, уйгур, перс жана ханзу таасирлери аралашкан маданий борбор болуп саналат.
Эски шаарды уйгур архитектурасынын тирүү музейи десек да жарашат. Эски шаардагы тар көчөлөр, сары кыштан тургузулган имараттар, жыгач эшик-терезелер жана устаканалар уйгур архитектурасынын жана турмушунун уникалдуу үлгүлөрүн сактап турат.
Кашкар базары
Айтымда, базардын жалпы аянты болжол менен 41 гектар (250 му), 4 000ден ашык туруктуу дүкөн, 5 000 гана эмес, ал тургай ашып түшө турган көп сандагы сатуучулар бар. Андан эмне кааласаңыз, ошонун баарын таба аласыз: килем, текстиль, сүлгүлөр, улуттук кийимдер; жер-жемиштер — кургатылган өрүк, мейиз, инжир, бадам ж.б. Анда Пакистандан, Түркиядан келген кийим-кечектер, шарфтар, Сауд Арабиядан алынган кургатылган жемиштер да, атүгүл Кыргызстандан апкелинген бал да жок эмес.

Кол өнөрчүлүк буюмдары сатылган жайлар көргөзмөнү элестетет. Кетмендин эле 80-90 түрү бар. Эгер дүйнөдөгү эң чоң кетменди кайдан табам десеңиз, убара болуп башка жактан издебей, ушунда келиңиз. Кетмендин сабы эле 5 метрби деп койдум. Кетмендин өзү бир метрдей бар.
Жекшемби күндөрү күндүзү базардын четинде мал базары өткөрүлөт дешти. Майда жандыктар, бодо малдар сатылып, сатып алынып, айырбашташат экен.
Базарда эки адам болсо, бири сатат, бири сатып алат эмеспи. Базардын жазылбаган мыйзамына ылайык, кадимкидей эле соодалашасыз. Кымбат сурап, арзан сатуу базардын табияты. Кашкар базарында эле кымбат сурай беришет, баасын угуп, ары баса берсеңиз, жеңиңден кармап, “канчага алайын?” деген оюң бар деп сурайт. Атайылап эле баасын өтө төмөн айтсаңыз, ага эч терикпейт. Аябай соодалашып албай кетсеңиз, артыңыздан жылуу жылмайып узатып коет.
Базар маданияты абдан өнүккөн. Кашкар базары – катардагы эле соода-сатык базары эмес, ал уйгур маданиятын, элдик чыгармачылыкты жана этностук сооданы чагылдырган эң жандуу, ири базар. Базар гана эмес, көркөм музей, маданий көргөзмө.
“Базарлар шаары” аталган Кашкардагы 20дан ашуун ири базардын эң чоңу эсептелген бул базарды болжолдуу түрдө беш негизги бөлүккө бөлсө болот: гүл идиштер, декоративдик керамика сатылган базар; темир буюмдар, бычактар, кол өнөрчүлүк жасалгалар сатылган жер; жыгачтан жасалган буюмдар (устара, кашык, идиш, эмеректер); уйгур дары-дармек жана чөптөр сатылган базар; уйгур гүлдүү баш кийимдер (доппа) сатылган базар.
Кашкар эски шаары жана анын базарлары – Жибек жолунун жандуу тарыхы, уйгур элинин турмушун жана маданиятын сактап турган тирүү музей болуп саналат. Бул жерге барганда тар көчөлөр, кол өнөрчүлүк жана базарлар аркылуу чыныгы тарыхты сезүүгө
болот.
Ид ках мечити

Ид Ках мечити – эски шаардын борбордук аянтында жайгашкан, шаардагы эң чоң жана эң белгилүү мечит. Айтымда, бул мечит 1442-жылы уйгур амири Шакимирза тарабынан курулган. Демек, 500 жылдан ашуун тарыхы бар. Бүгүн мечит маанилүү диний жана маданий борбор катары кызмат кылат.

Сары кыштан тургузулган, жыгач түркүктөр менен бекемделген. Жумасына жума намазына миңдеген адамдар чогулат.
Башкы дарбазасы сары кирпич менен кооздолгон, эки мунарасы бар. Ички короодо намаз окуу залы бар, сыртында да устундар менен тирелип калкаланган жайда жума намазын окуса болот. Мечиттин ичи уйгур орнаменттери менен кооздолгон.
Мечиттин айланасындагы гүл бакча Ид Кахга өзгөчө көрк берип, жагымдуу маанай тартуулайт. Мечитке кирип бараткан жолдун эки тарабына тигилген мырза теректер бөтөнчө шуудурап, жолдун эки тарабында карапаларга өстүрүлгөн гүлдөр театрга, же музейге бараткандай элес жаратат.
Реновациялык музейде…
Мечиттен көп алыс эмес, Кашкар эски шаарын сактоо жана калыбына келтирүү иштеринин урматына арналган музей бар. Анда Кашкардагы тарыхый үйлөрдү, көчөлөрдү, базарларды жана маданий мурастарды сактоо иштеринин жүрүшү жана мааниси көрсөтүлгөн.


Маалыматтарга таянсак, Кашкар эски шаарын коргоо жана жаңылоо долбоору 2009-жылы башталган. Бул долбоор эски үйлөрдү, көчөлөрдү жана базарларды тарыхый өзгөчөлүктөрүн сактоо менен бекемдөөгө багытталган. Айрым эски үйлөр авариялык абалда болгондуктан, жергиликтүү элдин коопсуздугу үчүн бекемделип, сырткы көрүнүшү жана көчөнүн жасалгасы кайра калыбына келтирилген. Эстеликке айланган эски үйлөрдүн урандылары жана музей ошол иш-чаралардын тарыхын, фотосүрөттөрдү жана шаарды сактоо процесстерин көрсөтөт.
Сүрөттөр жана макеттер аркылуу Кашкар шаарынын 100 жылдык өзгөрүүсүн көрө аласыз. Уйгур кол өнөрчүлүгү менен курулган үйлөрдүн үлгүлөрү менен, салттуу үйлөрдүн түзүлүшү, көчөлөрдүн абалы жана алардын бекемделүү процессинен кабар ала аласыз.
Мында Кашкар эски шаарынын тарыхый өзөгү сакталган жана туризм менен жергиликтүү жашоонун айкалышкандыгын көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Шамлабаг айылындагы оорукана
Кашкар шаарынын жака белиндеги Шамлабаг айылында жайгашкан жергиликтүү айылдык ооруканада — Шамлабаг айылы жана айланасындагы калк үчүн базалык медициналык кызмат (баштапкы медициналык жардам, төрөт, балдарды эмдөө, кары адамдарды кароо, тез жардам кызматтары) көрсөтүлөт. Ошол эле учурда, айылдагы медициналык инфраструктуранын өнүгүүсүнүн жана жеткиликтүү саламаттык сактоонун үлгүсү катары туристтик жай да болуп эсептелет.
Бул жакка Жуңгодогу айылдык саламаттык сактоо системасынын өнүгүүсүн көрсөтүүчү модель оорукана катары жергиликтүү жана чет элдик делегациялар барган учурлар да болгон.
Бул жай Кашкардагы айылдык деңгээлде медициналык кызмат көрсөтүү, элеттик саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү жана жергиликтүү элдин турмушун жакшыртуу максатында курулган.
Шалы талаасында
Кашкар калаасынан көп алыс эмес, «Шинжаң Чжуннунхай» туздуу сууда күрүч өстүрүү биотехнологиялык компания-сынын шалы талаалары бар.
Айыл чарба биотехнология тармагында иштеген бул ишкана: деңиз тузу жана деңиз микроорганизмдерин колдонуу менен айыл чарба продукцияларын өстүрүү технологияларын иштеп чыгуу; биотехнологиялык жер семирткичтерди өндүрүү жана сатуу; туздуу жана жарым туздуу жерлерде пахта, буудай, жемиш бактары жана жашылча өстүрүүнү жакшыртуу боюнча изилдөөлөр; айыл чарба жерлерин жакшыртуу жана түшүмдүүлүктү көтөрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу багытында иш алпарат.

Айыл чарба компаниясынын негизги максаттарынын бири – Шинжаңдагы кургак жана жарым кургак талааларда суу үнөмдүү, жер семирткич үнөмдүү биотехнологияларды жайылтуу, деңизден алынган микроорганизмдерди колдонуп, жердин сапатын жакшыртуу, экологиялык айыл чарбаны өнүктүрүүгө салым кошуу.
Компаниянын ишмердиги Шинжаңдагы айыл чарба биотехнологиясын өнүктүрүүгө багытталган, деңиз организмдерин пайдалануу менен экологиялык таза өндүрүшкө көмөктөшүп жаткан заманбап биотехнологиялык ишкана болуп саналат. Компания туздуу жана щелочтуу жерлерди айыл чарбасына ылайыкташтырып, тузга чыдамдуу өсүмдүктөрдү өстүрөт, генетикалык жакшыртуу жана молекулярдык селекцияны колдонот. Туздуу топуракта өсө турган шалынын атайын сортторун чыгарат. Генетикалык инженерия, молекулярдык селекция жана биоиндукция ыкмаларын колдонот.

2018-жылдан бери 116дан ашуун деңиз күрүчүнүн сортун сыноодон өткөрүшкөн. 8 сорт жакшы натыйжа көрсөтүп, алардын ичинен бир сорт 1 муда (0.067 га) 703 кг түшүм берген.
Компания толугу менен механикалаштырылган: лазер менен тегиздөө иштери жүргүзүлүп, дрон менен үрөн себилип, жыйноочу комбайндар жана саман пресс машиналар колдонула турган заманбап техникалар ишке ашырат.
Туздуу жерлерди жакшыртуу үчүн тузга чыдамдуу чөптөрдү жана түз сууда балык өстүрүү ыкмасын колдонушат. Бул ыкма жерлердин тузун азайтып, башка өсүмдүктөргө ыңгайлуу кылат.
Компания тарабынан туздуу жерлерди айыл чарбага жарактуу кылуу жаатында эң алдыңкы биотехнологиялар пайдаланылат.
Шорбаг айылы – Паха Тай Кэли айылында жайгашкан бул жер көп жылдар бою туздуу жана щелочтуу болуп келген аймак, бирок эми «деңиз күрүчү» колдонулуусу менен айыл чарбага айланууда.
Базалык талаалар 2018-жылдан кийин түзүлгөн: сортторду сыноо, өнүгүү жана масштабдуу жүгүртүүгө кызмат кылат. Учурда бул база 13 миң му (≈870 гектар) аянты менен кеңейген, 5G санариптик системалар, лазер тегиздөө жана дрондор колдонулган “акылдуу” айыл чарба системалары менен жабдылган .
Турпанда
Кашкардан түнкү 11лерде учуп, Турпанга түнкү 1лерде учуп келдик. Аэропорттон сыртка чыга бергенде эле, лепилдеген кыпкызыл оттун табындай ысык илеп урду. Дем алган аба ысык.
Мындан он жыл мурда Кувейтке барып, аэропорттон чыга бергенде, от жагылган мештен ысык ургандай болуп аба күйүп турган. Турпандын ысыгы андан кем калышчудай эмес. Ысык жактардан келишкен журналисттер эч бейкапар. Түндүк уюлга жакын өлкөлөрдөн баргандарыбыз микроавтобустарга киргенче шаштык. Турпандын аэропорту деле биздин “Манас” аэропортундай чакан экен. Аэропорту чакан болгону менен биз шаардагы эң чоң жана жаңы салынган Хэнцзэ отелинен орун алдык. Шаардын четирээк жагында салыныптыр.
«Йимао инвестициялык компаниясында»
Ири инвестор катары таанылган «Йимао инвестициялык компаниясы»- жогорку сапаттагы винолору менен таанымал. Турпан шаарынын Гаочан районунда жайгашкан.
Башкы багыттарынын бири – шарап өндүрүү, вино заводдорун инвестициялоо. Андан сырткары туризм ишмердиги, агро-инновациялар жана бизнес кызматтары менен шугулданат.

“Йимао” шарап өндүрүшүнүн: жүзүм өстүрүү, технологиялык изилдөө, шарап жасоо, сатуу, шарап маданиятты кеңейтүү, жана шарап өндүрүшүн туристикалык жай катары иштетүү процесстерине катышат.26,7 га жүзүм аянты бар.
Биз, журналисттер “Йимао” чыгарган кургак кызыл, ак шараптардан татып көрдүк. Күн жыттанып, шамал жыттанып тургандай таасир калтырат. Италиялык технологиялар менен чыгарылган бул винолордун баасы канча деп ойлойт элеңиз. Албетте, арзан винолору менен катар кымбат винолору да бар экенин белгилей кетишибиз керек. Жаңылбасам, эң кымбатынын баасы 569 юань деп жазылып турса керек эле. Бизге ошол кымбатынан да куюп беришти. Арзан винолор менен баасы кымбаты даамынан да, түсүнөн да, колдонулган жүзүмүнөн да айырмаланат.

Биз шарап заводунун жер төлөсүнө түшүп, аердеги вино куюлган бочкаларды да өз көзүбүз менен көрдүк.
2016-жылы ишке киришкен компания эко туризмди да жадынан чыгарбай, келген туристтерге өздөрү салган шарап үйлөрүн, тиккен жүзүм бактарды, шарап заводдорун, кarez (карааз) суу системаларын, жана жергиликтүү маданият тажрыйбасын тааныштырып, жолго коюп коюшкан.
(Уландысы бар)

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу

