whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.05.2025
17.4 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомУлуттук элитаны кантип калыптандырабыз?

Улуттук элитаны кантип калыптандырабыз?

Жалпы улуттук «Кыргыз Туусу» гезити маданий-интеллектуалдык окуялардын чордонунда болуу, өлкөнүн өнүгүшүнө позитивдүү салым кошуу жана “Ынтымак Ордонун” социалдык-экономикалык өнүгүүгө багытталган жаратман саясатын маалыматтык коштоо, идеологиялык жактан камсыздоо максатындагы иш-чараларды түрдүү форматта өткөрө баштады.
     “Кыргыз Туусу” гезитинде “Кыргызстанда элита барбы? Же улуттук элитаны кантип калыптандырабыз?” —  деген темада кереге кеңеш өттү. Ага коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев,  политология илимдеринин кандидаты Чынара Эсенгул, “Нандан” ишканасынын негиздөөчүсү, ишкер Асел Керимбаева жана Кыргыз-Швед математика мектебинин жетекчиси Айдар Жоробеков катышты. “Кереге кеңешти” башкы редактордун орун басары Керим Айдаров алып барды.

Керим АЙДАРОВ:

– Арыбаңыздар. Бүгүн биз кыргыз элитасы жөнүндө кеп кылалы деп жатабыз. Анткени, элибиздин эртеңки келечеги үчүн биз бүгүн кеп кылбасак болбойт. Ушул максатта бүгүнкү иш чараны уюштуруп жатабыз. Мен наркыбызга ылайык, улуулата сөз берейин, Эмилбек Саламатович, кепти сиз баштап берсеңиз”.

Эмилбек КАПТАГАЕВ:

– Арыбаңыздар, элита темасы дайыма эле талкууланат. “Элита” дегенибиз, бул – тандалмалар, мыктылар деген мааниде да. Коомдун ошол кездеги шартына жараша, коом-дун абалына карата элита өзгөрөт. Мисалы, мурунку доорду алсак, коом башкалар менен согушуп жаткан болсо, биринчи орунга жоокерлер, кол башчылар, баатырлар чыккан. Ошолор коомду башкарып, ошолор жортуул убагында башкарып турган. Бардык маселелер ошолор аркылуу чечилген. Ал эми тынчтык учурунда, бийлер, бектер ж.б. биринчи орунга чыгып турган. Убагында кол баштап жүргөн, элди башкарып тургандар элди ээрчитип кетип, кыргыз коомунда элита болуп турган. Кийин СССР доорунда партиялык кызматкерлер, башкармалар элита болушту да. Союз убагында бир мезгил болгон, кыргыз элитасын акын-жазуучулар түзгөн. Ошолор жол көрсөтүп, ошолордун сөзүн угушкан, кадыр-барктуу болушкан. Андан мурдараак, 30-40-жылдарда элита жалаң мугалимдер болгон. Заманга жараша коом өзгөргөн сайын элита да өзгөрө берет. 1980-жылдардын аягында илимдер академиясында иштеп турганымда кайра куруу болуп, биринчи кооперативдерге уруксат бере баштаган. Ошол кезде агайларыбыздын бири, “Келечек силерде эмес, муну билип алгыла, келечек буга чейин коом жек көрүп, милиция кармап, сүйрөп, кубалап жүргөн спекулянттарда. Силердин араңарда ошолорго ылайыкташып кеткендер болсо, ошолор элитага кошулуп калат. Калганыңар элита болбойсуңар, силерде келечек жок” – деп айткан. Бирок, ал кезде анын сөзүнө эч ким көңүл бурган эмес. Андан кийин заман өзгөрүп, эгемендик келди. Мурунку партиялык кызматкерлер, комсомолдук, партиялык жетекчилер саясий элитадан кетишти. Алардын ордуна жогоруда айткандай, коммерсанттар, кийинки бизнесмендер келишти да. Акыркы жылдары ошол агайымдын айтканы эске түштү, азыркы коомдо “элита” – деген үстөмдүк кылып турган күч да, туурабы? Азыр коомдо элита ким? Негизинен ишкерлер, колунда бар адамдар.

Керим Айдаров:

– Сиздин сөзүңүздөн улам, бир нерсе эске келип жатат. 1990-жылдары рэкетчилик аябай күчөгөн. Ошол учурда жаштар рэкетчиликке аябай берилип кеткен.  Кийинчерээк, УКТнын (ОПГ) мүчөлөрү бийлик менен теңата болуп калганда, жаштардын көбү ошолордой болгусу келгенин билебиз. Элита дегениң бул үлгү көрсөтүүчү адамдар экен. Демек, биз жакшы үлгүнү алып келишибиз керек. Мына бүгүнкү жаштардын көбү футболго кызыгып жатышат. Элита коомду жакшы жакка жетелеш керек, билимдүү элита болсо, коомго пайдалуу болсо керек деп ойлойм.

Асел КЕРИМБАЕВА:

– Эмилбек агай айткандай элита коомго, учур талабына жараша алмаша турган нерсе экен. Бир эле катмарды элита деп эсептесек болбойт, коомго, заманга жараша элита өзгөрүп турат. Квалификацияга бөлсөк, саясий элита, ишкердик элита, илим-билим берүү тармагындагы элита, социал-дык жарандык элита деп айтсак болот. Эмилбек агай айтып кеткендей элита 90-жылдары башкача, 2000-жылдары башка болгон. Бүгүнкү учурдагы элита ким?- деп, бул жыйынга келер алдында жоро-жолдошторумдан сурап көрдүм. Баары эле жакшы кызматта отурган, жакшы жашаган, ийгиликтүү адамды элита деп эсептей турганын айтышты. Демек, бизде азыр ошондой учур экен. Мисалы, 10-15 жылдан кийин такыр өзгөрүшү мүмкүн.  Биз бул элитага киришпейбиз, бизден кийинкилер элитаны түзсүн десек, жоопкерчиликти кийинки муунга өткөрүп берген болобуз. Бүгүн сиз ушул маселени көтөргөнүңүз жакшы болду. Биз дагы өзгөрүүгө барышыбыз керек. Бүгүн ар бирибиз жашоо образыбызды өзгөртсөк, өзүбүздүн салт-санаабызды жоготуп албасак, унутулган нерселерди кайра жандантсак деген тилегим бар. Кээ бир учурда жазылбаган, оозеки мурастарыбызга мамлекет көңүл бөлүш керек.

Керим Айдаров:

– Чынара айым кийинки сөз сизде, сиз кандай пикирдесиз?

Чынара ЭСЕНГУЛ:

– Мен башкалар айтканды кайталабай эле коеюн. Теория жагынан алганда, доорго жараша элита өзгөрүп турат. Экинчи жагынан элита алдын ала иштейт. Мисалы, кытайлыктар алдын ала ойлонушат. Алар доорду жаратышат, ток этер жерин айтсак, кайсы эл болбосун элитанын өзгөчөлүгү улуттук кызыкчылыкты ойлогон адамдар. Бул биринчиси.

Экинчиси, келечекти көрө билүү. Үчүнчүсү, багыт берүү.

Элитага дагы бир мүнөздөмө берсек, идеяларды жаратуу жана идеалдарды көрсөтүү. Керим мырза, сиз туура айттыңыз, өзүн коомдо үлгү катары алып жүргөн адамдар дагы элитага киришет.

Эми “улуттук элита” – дегенге токтолсок. Эмне үчүн дегенде “улуттук” дегенге менин өзүмдүн көз карашым бар. Улуттук элита дегенде биз кыргыз улутунун элитасын жана мамлекеттик элитаны түшүнөбүз. Менин оюмча мамлекеттик мааниде элита дей турган болсок, анда бизде андай элита калыптана элек. Анткени, эгемен өлкөбүз, эми эле 30 жылдан ашуун эгемендүүлүктүн даамын сезди. Совет доорунун өзүнүн элитасы болгону чын, бирок, Кыргыз Республикасынын элитасы жаңыдан пайда боло баштады. Бирок, дагы деле калыптана
элек.

Ал эми, кыргыз улутунун элитасы дей турган болсок, ал бар.

Элитаны саясий, маданий, илимий ж.б деп топторго бөлсөк болот. Саясий элитаны биз көрүп жатабыз, алар коомдо саясий туруктуулукту жарата алган жок. Өздөрүнүн интрига оюндарын эле кылып жатышат. Эл өзү менен өзү, бийлик өзү менен өзү болуп калган. Бул жерде 30 жылдын ичиндеги саясий элитанын жоопкерчилигинин жоктугун көрүп жатабыз. Интеллигенциябыз болсо, маргинал болуп түртүлүп калды. Менимче, кыргыз элитасынын келечеги билим берүүдө деп ойлойм.

Айдар ЖОРОБЕКОВ:

– Элитанын эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул сабаттуулук. Элита деген эмнени түшүндүрөт, мааниси кандай дегенди тактап алышыбыз керек. Элитаны акыркы кезде саясий башкаруу аспектисинен карап, элдер ошентип түшүнөт. Анткени бул тандалма, сабаттуу адамдар. Албетте, бардык эл элита боло албайт. Анткени, элитанын өзгөчөлүктөрүнүн бири субъективдүүлүк. Ар бир тармактын өзүнүн элитасы бар деп ойлойбуз, бирок, ал туура эмес. Карап көрсөк, агрардык элита деп эч ким айтпайт. Транспорттук элита деп эч ким айтпайт. Классификациясын карап келгенде саясий, маданий, илимий жана аскердик элита болот. Элитаны кантип жаратышыбыз керек деген жакшы суроо берилди. Мамлекеттин жетекчилеринин чечкиндүү кадамдары менен криминалга каршы күрөш катуу жүрүүдө. Бул жаңы элитаны түзүүгө жакшы шарт болуп берет. Мисалы, Ысык-Көл мурда билимдин алтын бешиги болсо, кийин эмнегедир криминалдын “алтын бешигине” айланды эле. Азыр акырындан кайра туура жолго кайтып келатабыз.

Артка кылчайып карасак, элитага атаандаш бул контрэлита болгон. Азыркы тил менен айтканда оппозиция. Алар элитанын жүргүзүп жаткан сая-
сатына макул эмес, ошол эле учурда өздөрүнүн көз карашы бар, учуру келгенде элитанын ордун
басышкан.

Азыр элита жок дегенге мен кошула албайм, бирок, ал канчалык тараган, аны карапайым эл элита деп таа-ныйбы ошол негизгиси. Совет доорунда идеология негизги күч эле, чабандарды, айыл чарба жаатында иштегендерди элита деп билет болчубуз. Азыр башкача көз караш. Менин оюмча “Мен элитанын өкүлүмүн” – деп эч качан айтпаш керек. Аны калың катмар
таанышы абзел.

Керим Айдаров:

– Ушул теманы туура эле козгопмун деп ойлоп турам. Анткени, элита мамлекетти жакшы жакка жетелеп кетүүчү топ болушу керек экен. Азыркы жаш муунду ээрчитип кетүү үчүн элитаны калыптандырышыбыз
керек го.

Эмилбек Каптагаев:

– Чынара, улуттук элита  жөнүндө  туура айтты. Улуттук элита дайыма болушу керек. Улуттук элитанын ички маңызы, мазмуну кандай негизде болушу да өтө маанилүү маселе. Элитаны биз озон катмарына салыштырсак болот. Эгерде, озон жок болсо, жерде жашоо токтойт. Ошол сыяктуу эле, улутту улут кылып кармап турган элита ошондой эле функция
аткарат.

Маселен, маданий элитага Аалы Токомбаев, Жоомарт Бөкөнбаев, Чыңгыз Айтматовго окшогон жазуучуларды айтсак болот. Мамлекетти саясий элита башкарат. Азыр саясий элита негизинен ишкерлерден, акчасы барлардан турат. Ошолор кандай баалуулуктарды карманат, кандай дөөлөттөрдү карманат, келечекти көрүүсү кандай бул башка маселе.

Мындан көп жыл мурда бир университетке жолугушууга бардым. Ошол университеттин илимий потенциалын коомдук өнүгүүдө кандай пайдалансак болот деп сүйлөшүп калдым. Сүйлөшүп отуруп, мен үчүн чоң ачылыш болду, биз эгемендүүлүк алгандан кийин баалуулуктар өзгөрдү да. Кыргыздын баалуулуктарын жайылтуу боюнча эч кандай иш жасалбаптыр. Анткени биздин ЖОЖдун мугалимдеринин берген суроолору, айткан сөздөрү бүт СССРде жүрүшөт. Реалдуулук 21-кылымда жүрөт, андагы жаштарды тарбиялап жаткан мугалимдер Советтер союзунда жүрөт. Ушул нерсеге көңүл бурулбай калыптыр да.

Советтер союзун алалы, канчалаган кино тартылып, китеп, ырлар жазылган, туурабы? Мамлекет советтик идеологияны элге жеткирүүдө эбегейсиз иштерди жасаган. Кызыл бурчтар, китепканалар түзүлгөн. Көрсө, эгемендүүлүктөн кийин бул жагын эч ким карабай калыптыр. Советтер союзу убагында жаштарды коммунисттик тарбиялоо маселелери жөнүндө, жаштарды эмгекке тарбиялоо жөнүндө программалар кабыл алынчу. 30 жылдан бери бул багытта мамлекеттик программа деле жок. Биз азыркы жаштарды тарбиялоонун жолун издешибиз керек.

Элита коомго карата өзгөрүп кете берет деп жатпайбызбы, бирок, коомдун ичинде элитаны окута турган, тарбиялай турган, ошолордун жаш чагынан мээсине баалуулуктарды сиңире турган туруктуу система болушу керек. Бизде бүгүн ошол система жок болуп жатат. Биз бардык ЖОЖдорду карабай койгонбуз, аларда кайсы идеология менен окутуп жатат көзөмөл кылган эч ким жок. Биз ушулардан кыйын окугандар чыгат, биздин элитабыз ушулар деп ойлойбуз. Бирок, ошол биздин келечектеги элитанын өкүлдөрүнүн башына башка нерселер кирип жатат да. Башка баа-луулуктар, башка көз-караш кирип жатат. Жөнөкөй эле мисал кылалы, Кыргыз-Түрк «Манас» университетин алдыңкы университет деп айтып жүрөбүз. Бул университетте кыргыз тарыхын окутуу 3-4-катардагы нерсе. Лекция окулбайт, сабак өтпөйт, жөн эле тизмеге кирген ар ким өзү окуп келип экзамен тапшырып коет, ошону менен бүттү. Лекция окубаса, сабак өтпөсө, ошол боюнча багыт албаса, аларга кыргыз тарыхынын кереги жок болуп жатпайбы? Башка ЖОЖдорду айтпай эле коелу, ошону үчүн мамлекеттик саясат керек. Сен элита болосуңбу, болбойсуңбу, келечекте ошонун көз карашы, карманган дөөлөтү мамлекет үчүн маанилүү болуш керек.

Кыргыз жараны программасын түзөбүз деп парламентте талкуу болду. Кыргыз жаранын калыптандыруу механизмдери кандай, сиңирүү механизмдери кандай, анан өсүү дегенде бүгүнкү күнгө чейин так түшүнүк жок бизде. Анткени, паспорттон улуту деген графаны алып койсо, мен кыргыз жаранымын деп айтат деп ойлойбуз. Жок, айтпайт, бул абдан терең маселе, биз титулдук улут катары башка улуттарга үлгү болушубуз керек. Программа кабыл алуу менен эч нерсе бүтпөйт, кыргыз жаранын өнүктүрүү үчүн бүтүндөй мамлекеттик машина иштеши керек. Чынын айтканда элитанын элитасы бул саясий элита. Мына бүгүнкү биздин депутаттар, министрлер, башкаруу түзүмүндө иштеп жаткандар. Мына ошолор саясий элита. Мына ошолордун көз карашы, карманган баалуулуктары, келечекти көрө билүүсү биздин коомдун келечегин аныктайт. Мына ошолор кандай калыптанды, кандай баалуулуктар менен бүгүнкү күнгө келди, ушул маанилүү.

Керим Айдаров:

– Саясий элита кайрадан калыптанышы үчүн билим берүү саясаты башкача көз карашта болушу керек экен. Сиз айткандай, бизде башка мамлекеттин көз карашы менен жашаган университеттер бар. Ал жерде окугандардын бардыгы ошол мамлекетти сүйүп окуп жатышат. Демек, ошол мамлекеттин идеологиясы күчтүү болуп жатат. Алар келип кыргызга элита болоюн десе, алардын жан дүйнөсү башка өлкөнүн маданиятына сугарылып калган. Алар ошол мамлекеттин, ошол элдин маданиятын бизге таңуулаганга аракет кылышат. Ошону үчүн мамлекеттүүлүктүн формасында  билим берүүдө улуттук баалуулукту  өнүктүрүүчү багыт болушу керек деп ойлойм?

Эмилбек Каптагаев:

– Азыр билим берүүдө стандарт бекитип жатышпайбы? Университеттердин менчигинин түрүнө карабай, улуттук баалуулуктар, улуттук дух, рухту калыптандыруучу нерселерди ушулар түзөт деп программа бекитип берип, аны көзөмөлдөш керек. Ошол стандарттын ичинде кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин тарыхы, адабияты, маданияты дегендин баары кириш керек. Билим берүү министрлиги же өкмөт стандартты бекитип жатканда, аны жакшы иштеп чыгып туруп, мектепке, ЖОЖго бериш керек. Анан ошол стандартка ылайык, окуу куралдары, мугалимдер даярдалып иш жүрсө, анан улуттук баалуулукка үрөн себилет.

Керим Айдаров:

– Бүгүн дүйнөдө өз мамлекетин сактап калыш үчүн, ар бир улут өз өлкөсүн сүйүп, барк-тап, баалап жашап жатат. Аларда идеология күч. Биз дагы, “мен кыргызмын, менин мекеним Кыргызстан” – деп жашашыбыз керек. Кайсы улут болбосун, Кыргызстанда жашап жаткан соң, мекенди сыйлоосу жана анын мыйзамдарына баш ийүүсү керек- деген акыл эсти биз туюндурушубуз абзел. Дегеним, Кыргызстанда жашаган бардык жаран, “Менин Кыргыз мамлекетим” деген көкүрөк каккан сезим менен жашаш керек.

Айдар Жоробеков:

– Туруктуу өнүккөн экономика, анын үстүнө туура иштеген мыйзамдар болсо, элита өзү жаралат. Мисалы, Американы алалы. Аларда эч качан илимде, маданиятта эмгек сиңирген ишмер деген наам бербейт. Ал жакта бардыгы коомдук уюмдардын колунда. Эмилбек агай, сиз азыр стандарт жөнүндө айтып кеттиңиз, мен ага кошулам, стандарт болушу керек. Бирок, ошол эле Японияда стандарт деген түшүнүк жок, бирок, аларда жарандуулук бар. Алар  баарын өздөрү окушат. Биз дагы ошого жеткиришибиз керек.

Асел Керимбаева:

– Бизде көптөгөн билимдүү жаштар четке чыгып кеткен. Алар өлкөгө кайтып келгиси келет, бирок,  саясий туруксуздуктан улам келишпейт. Элитаны түзүү үчүн баарыбыз ишти колго алышыбыз зарыл. Билим берүү менен бирге эле улуттук баалуулуктарды, мекенди сүйүүнү үйрөтүшүбүз керек.

Чынара Эсенгул:

– Биз Японияны иликтегенбиз, ал жерде 99 пайыз титулдук улут жашайт. Алар аралча болгондуктан убагында ал жакка эч ким таасир эте алган эмес. Биз болсо континенттин ортосундабыз, бизге төрт тарабыбыздан ар кайсы улуттун маданияты кирип келген.

Америкада болсо, америкалык деген этноско тиешеси жок. Аларга Европадан жана башка жактан көп көчүп келишкендиктен, алар “мен америкалыкмын”- деп эле жашашат. Бул эки башка модел да, биз кыргыз жараны концепциясынын үстүнөн иштеп жатканда кантип ушул эки башка моделди Кыргызстанда айкалыштырып кетебиз деген суроо болгон. Тарыхка көз салсак, Европа мамлекеттеринде улуттук мамлекет деген концепт пайда болгондо өздөрүнүн тилин, маданиятын сактап калышыптыр.

Биз титулдук улут болгон үчүн кыргыз тилин, маданиятын, каада-салтын сактап турабыз.  Ошол эле учурда исламдашуу, ааламдашуу, санариптешүү болуп жатат. Балдарыбыздын тили эмнеге кыргызча чыкпайт дейбиз, ошол эле учурда балдарыбыз башка тилде мультфильмдерди көрүп жатканын көзөмөлдөбөйбүз. Ааламдашуу доорунда жашап жатсак дагы, канткенде кыргыз улутун көтөрөбүз, ошол эле учурда өлкөдөгү башка улуттарды кантип кыргыз жараны кылабыз деп ойлонолу.

Кыргызстан улуттар аралык чыр-чатактардын мамлекети деп чоң- чоң уюмдардын тизмесине түшүп калдык. Мамлекет башка улуттарга кандай саясат алып барат экен деп, алар бизге көз салып турушат. Биз улутчулдукка өтүп кетсек, анда аны сырткы күчтөр колдонуп кетет. Анын кесепетинен кайра эле кыргыздар алсызданат. Биз өзүбүздүн улуттук баалуулуктарды сактап калуу менен бирге башка улуттардын дагы каада-салтын сыйлашыбыз керек.

Эмилбек Каптагаев:

– Биз 7-8 жыл 5 мамлекетти изилдеп чыгып, көптөгөн сунуштарды өкмөткө бергенбиз. Япониянын өсүп кеткенинин бирден бир себеби, өзүлөрүнүн маданиятына басым жасагандан болгон. Жөнөкөй эле айтканда жумуштан кийин калып, жумуш күндү талкуулап, кандай кемчиликтер кеткенин аныктап, аны оңдоп анан кетишет. Өздөрүнүн улуттук баалулуктарына абдан көңүл бурушат.

Айдар Жоробеков:

– Биз өзүбүздүн кызыкчылыктарыбызды эске алуу менен этникалык саясатыбызды туура жүргүзүшүбүз керек. Бүт улуттар жаратуучу анан көчүрүүчү болуп экиге бөлүнөт. Биз көчүрүүчү болуп келгенбиз, президентибиздин колдоосу менен IT тармагына көңүл бурулуп жатат. Балким келечекте биз дагы жаратуучу өлкөгө кирип калаттырбыз.

Биздин балдардын акылы көп нерсени кабыл албай калды. Толук метраждуу кинону ары кой, 15 мүнөттүк видеолорду көрбөй калышты. Бизде азыр жаштар бай болгусу келет, бирок, иштегиси келбейт. Кооз жашагысы келет, бирок, изденгиси келбейт. Ошондон улам бизде алдамчылар көбөйгөн. Анткени, баары эле жеңил акча табууга көнүп калышты.

Чынара Эсенгул:

– Япония жаштарын сыртка билим алууга жиберип, сырттан алган билимин өлкөгө пайдаланат. Андай бизде деле бар, биздин чет өлкөдөн билим алган жаштарыбыз өлкөгө келишет. Бирок, жумушка татыктуу шарт, айлык акынын жоктугу аларды кайрадан сыртка чыгып кетүүгө түртүп жатат.

Коңшу Казакстан, Өзбек-станда сыртта жүргөн жаштарын президенттин колдоосу менен чакырып жатышат. Бизде дагы жаштарга татыктуу маяна төлөп берилсе алар деле өлкөдө иштөөгө кызыктар.

Айдар Жоробеков:

– Элита ачык жана жабык деп бөлүнөт. Жабык элиталар авторитардык, тоталитардык, монархиялык мамлекеттерде бар. Аларга башка эч ким келип кошула албайт, ханзадалардын, хандардын же диктаторлордун ичиндеги номенклатурасы эле элита болуп жүрө берет. Ачык элита биздегидей демократиялык мамлекеттерде болот. Мамлекет өнүгүш үчүн ачык элита, эркин ой жүгүртүү, билим жана тарбия керек.

Керим Айдаров:

– Бүгүн биз мамлекетибиздин келечеги үчүн, кыргыздын наркын, каада салтын сактап калыш үчүн өзүбүзгө келишибиз керек. Кыргыз коомун жакшы жакка ээрчите алчу билимдүү, акылдуу, тарбиялуу элита да болушу керек экен. Бүгүн Европанын бир топ мамлекеттери, улуттук баалуулуктарын кайра жандандыруу максатында президенттери жарлык чыгарышып, мыйзам кабыл алышып, аракеттерин көрүшүүдө. Буюрса, бизде да ошондой аракеттер бар. “Кыргыз жараны”, “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу концепцияларынын негизинде көп жакшы иштерди жасасак
болот.

Урматтуу коноктор, келип, ой бөлүшүп бергениңиздер үчүн баарыңыздарга ыраазычылык билдирем. Үйүбүздө тынчтык, өлкөбүздө өнүгүү болсун!

 Р.S. Ушул сыяктуу талкуулар, изденүүлөр дагы уланат. “Кыргыз Туусу” гезити уюштурган талкуулардын жыйынтыгын талдап, негиздүү сунуштардын топтомун тиешелүү мамлекеттик органдарга сунуштайбыз.

Cултанбек АМАНБЕК уулу,
«Кыргыз Туусу»

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар