– “Элита” дегенибиз, бул – тандалмалар, мыктылар деген мааниде да. Коомдун ошол кездеги шартына жараша, коомдун абалына карата элита өзгөрөт. Мисалы, мурунку доорду алсак, коом башкалар менен согушуп жаткан болсо, биринчи орунга жоокерлер, кол башчылар, баатырлар чыккан. Ошолор коомду башкарып, ошолор жортуул убагында башкарып турган. Бардык маселелер ошолор аркылуу чечилген. Ал эми тынчтык учурунда, бийлер, бектер ж.б. биринчи орунга чыгып турган. Убагында кол баштап жүргөн, элди башкарып тургандар элди ээрчитип кетип, кыргыз коомунда элита болуп турган. Кийин СССР доорунда партиялык кызматкерлер, башкармалар элита болушту да. Союз убагында бир мезгил болгон, кыргыз элитасын акын-жазуучулар түзгөн. Ошолор жол көрсөтүп, ошолордун сөзүн угушкан, кадыр-барктуу болушкан. Андан мурдараак, 30-40-жылдарда элита жалаң мугалимдер болгон. Заманга жараша коом өзгөргөн сайын элита да өзгөрө берет. 1980-жылдардын аягында илимдер академиясында иштеп турганымда кайра куруу болуп, биринчи кооперативдерге уруксат бере баштаган. Ошол кезде агайларыбыздын бири, “Келечек силерде эмес, муну билип алгыла, келечек буга чейин коом жек көрүп, милиция кармап, сүйрөп, кубалап жүргөн спекулянттарда. Силердин араңарда ошолорго ылайыкташып кеткендер болсо, ошолор элитага кошулуп калат. Калганыңар элита болбойсуңар, силерде келечек жок” – деп айткан. Бирок, ал кезде анын сөзүнө эч ким көңүл бурган эмес. Андан кийин заман өзгөрүп, эгемендик келди. Мурунку партиялык кызматкерлер, комсомолдук, партиялык жетекчилер саясий элитадан кетишти. Алардын ордуна жогоруда айткандай, коммерсанттар, кийинки бизнесмендер келишти да. Акыркы жылдары ошол агайымдын айтканы эске түштү, азыркы коомдо “элита” – деген үстөмдүк кылып турган күч да, туурабы? Азыр коомдо элита ким? Негизинен ишкерлер, колунда бар адамдар.
Көп окулгандар
Кийинки макала